Sign In
ЕЭК Кеңеши тыгыздыгы төмөн этилен полимерлерине карата импорттук алымды бир жылдык мөөнөткө 6,5% чейин көтөрдү

ЕЭК Кеңеши тыгыздыгы төмөн этилен полимерлерине карата импорттук алымды бир жылдык мөөнөткө 6,5% чейин көтөрдү

Фото-1.jpg
18.09.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕАЭБдин аймагында өндүрүлбөгөн баштапкы формалардагы этилен полимерлеринин, ошондой эле жетишерлик көлөмдө өндүрүлгөн тыгыздыгы төмөн этилен полимерлеринин айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү Товардык номенклатурасында бөлүп көрсөтүү жөнүндө Россия Федерациясынын демилгелүү сунушун колдоду.


Товарлардын биринчи категориясына карата импорттук алымдын коюму нөлдүк деңгээлде калмакчы, ал эми экинчисине карата – тарифтик коргоонун деңгээли бир жылдык мөөнөткө 6,5% чейин көтөрүлмөкчү. Тыгыздыгы төмөн этилен полимерлерине карата Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин алымынын убактылуу коюмунун көлөмү Россиянын жана Казакстандын БСУнун алкагындагы тарифтик милдеттенмелерине ылайык максималдуу мүмкүн болгон байланыштыруу деңгээли менен чектелген.


"Кабыл алынган чечим тыгыздыгы төмөн этилен полимерлеринин өндүрүшүн өнүктүрүү жана ЕАЭБдин ишканалары тарабынан өндүрүлгөн товарларды ички рынокто керектөөнүн үлүшүн жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле чет элдик аналогдордун импортун алмаштырууга көмөк көрсөтүүгө багытталган", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.


Тыгыздыгы төмөн этилен полимерлери даяр товарларды өндүрүүдө (плёнканын, кошо салынуучу пакеттердин, жалпы максаттагы иидштердин, геомембраналардын, аралашмалардын жана композиттик материалдардын ар кандай түрлөрүн) өндүрүүдө жана куйма материалдарды алуу үчүн кеңири колдонулат. Тыгыздыгы төмөн этилен полимерлеринин наркынын аяккы буюмдардын өздүк наркындагы үлүшү продукциянын түрүнө жараша 5-30%дан (көп катмарлуу плёнкалар) 40-87%га чейинди түзөт (стрейч-плёнка, идиштер, компаунддар).


Көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, Россияда тыгыздыгы төмөн этилен полимерлеринин кеңири спектри чыгарылат. "Нижнекамскнефтехим" КАК, "Казаньоргсинтез" КАК жана 2020-жылдын январынан тарта – "ЗапСибНефтехим" ЖЧК алдыңкы өндүрүүчүлөр болуп саналат. Аталган ишканалардын жалпы өндүрүш кубаттуулуктары жана пландары россиялык кайра иштеп чыгуу ишканаларынын гана эмес, ЕАЭБдин башка мамлекеттеринин кайра иштеп чыгуу ишканаларынын да тыгыздыгы төмөн полиэтиленге муктаждыгын канааттандырууга мүмкүндүк берет. 


ЕЭК Кеңешинин чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күндөн кийин күчүнө кирмекчи.