Sign In
ЕЭК жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси Монголия менен эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүүнүн перспективаларын талкуулашты

ЕЭК жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси Монголия менен эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүүнүн перспективаларын талкуулашты

18.12.20

"Евразия экономикалык комиссиясынын соода блогунун 2020-жылдагы приоритеттүү милдеттеринин бири үчүнчү өлкөлөр менен сүйлөшүү процесстерин тездетүү болду. Аталган иш бир нече өлкөлөрдүн треги боюнча, анын ичинде ЕАЭБ үчүн салттуу жакын өнөктөш болуп саналган Монголия боюнча жүргүзүлдү", –  деп Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнёв Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ишкердик коомдоштугунун өкүлдөрү менен Бизнес-диалогдун 28-чи отурумунда белгиледи.

ЕЭК министри өз ара соодага ар тараптуу талдоо жүргүзүп, ыктымалдуу макулдашуунун артыкчылыктарын жана тобокелдиктерин баалоого тийиш болгон биргелешкен изилдөө тобу түзүлмөкчү деп баса белгиледи. "Учурда Монголиянын рыногундагы чектөөлөр жана тоскоолдуктар жөнүндө объективдүү түшүнүк алуу, ошондой эле сүйлөшүүлөр процессинде көңүл буруу керек болгон, бизнестин приоритеттүү кызыкчылыктарын аныктоо зарыл", – деп Андрей Слепнёв түшүндүрдү.

Комиссиянын өкүлдөрү ЕАЭБдин ишкердик коомдоштугу менен ушул жылдагы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары жана 2021-жылга пландаштырылган иш-чаралар тууралуу айтып беришти. Кийинки жылда соода саясаты маселелери боюнча, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн рынокторуна чыгуу шарттары боюнча ишти активдештирүү каралган. Бизнестин өкүлдөрү электрондук сооданы өнүктүрүү жана санариптик транзит маселелери боюнча Комиссия менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.​