Sign In
«ЕАЭБ – Камбоджа» бизнес-форуму ЕАЭБ жана Камбоджанын ортосундагы кызматташууга жаңы түрткү берет

«ЕАЭБ – Камбоджа» бизнес-форуму ЕАЭБ жана Камбоджанын ортосундагы кызматташууга жаңы түрткү берет

18.12.17

Биринчи «ЕАЭБ – Камбоджа 2017» бизнес-форумун ЕАЭБ жана Камбоджа мамлекеттеринин кызматташуусунун жаңы этабынын негизги башталышы деп эсептөөгө болот деп ишенет, Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая. Россия-Сингапур ишкер кеңештин соода үйүнүн колдоосунда Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) жана Камбоджа өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулган иш-чара, биринчи жолу алты мамлекеттин бизнесинин өкүлдөрүн чогултту. Форумдун жүрүшүндө кызматташтыктын тутумдук маселелери жана өз ара инвестициялардын өсүү мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Форумду Татьяна Валовая жана Камбоджа Падышачылыгынын соода министри Пан Сорасак ачышты.

Камбоджанын соода министри, Камбоджа жана ЕАЭБдин өкмөттөрүнүн, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынынөкүлдөрү менен ишкерлердин жана өнөр жайчылардын жолугушуулары, ЕЭК жана камбоджа өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун алкагында кызматташуу үчүн жакшы фон түзө тургандыгын белгиледи.

Татьяна Валовая меморандумга кол коюлгандан кийин ЕАЭБ мүчө мамлекеттери жана Камбоджанын ортосундагы товар айланымынын өсүшүн белгиледи, форумду даярдоо боюнча масштабдуу иши үчүн камбоджалык өнөктөштөрүнө жана евразия бизнес-делегациясына-Камбоджа Падышачылыгы менен байланышты өнүктүрүүгө болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди. «Евразия экономикалык комиссиясы биргелешкен жумушчу топ форматында камбоджа өнөктөштөрү менен ийгиликтүү өз ара иштешип жатышат. Биздин мамлекеттердин улуттук ведомстволорунун ортосундагы диалогду биз оңдодук. Жана бүгүн бул диалогго акыркы даректелүүчү-ишкер коомчулук жигердүү биригип жатат», - деп билдирди ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри. Татьяна Валовая, бизнес-форумдун жыйынтыгы актуалдуу маалымат алуу гана эмес, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Камбоджа Падышачылыгынын компанияларынын ортосунда жаңы түзүлгөн контракттар болоруна үмүттөнө тургандыгын билдирди.

Форумдун катышуучулары соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, анын ичинде Камбоджанын аймагында Биримдиктин мамлекеттеринин жогорку технологиялык өндүрүштөрүн локализациялоо келечегин, алты мамлекет ортосундагы кошумча нарктын чынжырын түзүү, ошондой эле туризмге жана Камбоджанын саламаттыгын сактоосуна инвестицияларды тартуу, порттор жана аэропорттук инфраструктура, жеңил өнөр жайлары жана текстиль, маалымат технологиялар сыяктуу ушул багыттар боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Форумга өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн бет ачары менен,  «Ростех» МК, «Камаз» ААК, «МАЗ» ААК, «Минскметропроект» ААК сыяктуу жана башка ири компаниялар келишти.

Форумга ЕАЭБ мамлекеттери жана Камбоджанын ортосундагы байланыштын кыймылын жактырган,  Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Камбоджадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери катышты.  Ал бул сүйлөшүүлөр процессин илгерилеткендер ЕЭК жана Камбоджанын Соода министрлиги болушту.

ЕЭК интеграция жана макроэкономика боюнча министри Татьяна Валовая өзүнүн жумушчу иш сапарынын алкагында, Камбоджанын соода министри Пан Сорасак, Камбоджанын соода министрлигинин мамлекеттик катчысы Текрет Камранг, Камбоджанын тышкы иштер министринин орун басары Уч Борит менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Камбоджа тараптан жолугуунун катышуучулары иштин жүрүшүнө канааттанууларын билдиришти жана келерки жылда ушундай жигердүүлүктү колдоорун айтышты. Жолугушуунун жыйынтыгы менен 2018-жылы июлда, Москвада ЕЭК жана Камбоджа өкмөтүнүн ортосунда өз ара иштешүү  боюнча биргелешкен Жумушчу топтун кезектеги экинчи отурумун өткөрүү жөнүндө макулдашты.

Татьяна Валовая камбоджалык өнөктөштөрүн Петербург, Астана жана Чыгыш экономикалык форумдарына, ошондой эле келерки жылдын күзүндө Ереванда өтө турган «Евразия жумалыгына» катышууга чакырды.  «Бул күндөрдө биз маанилүү миссияны аяктадык - Камбоджага Евразия экономикалык биримдиктин мамлекеттеринин ишкер чөйрөсүнүн делегациясын келүүсүн камсыз кылдык. Эми биз камбоджалык кесиптештерди күтөбүз. Камбоджа бизнесинин, өздөрү жөнүндө билдирүүгө, Камбоджанын дараметин айтып бергенге мүмкүндүк берген, биздин ири экономикалык эл аралык иш-чараларда катышуусу – бул өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизгиси болот», - деп жыйынтыктады Татьяна Валовая   

Маалымдама

2016-жылдын майында Камбоджанын Премьер-министри Хун Сен жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян,  ЕЭК жана Камбоджа Падышачылыгынын  өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан.

2017-жылдын 13-февралында, Меморандумдун алкагында түзүлгөн  жумушчу топтун 1-отуруму болуп өткөн, анын жыйынтыгы менен жумушчу топтун тең төрагалары Татьяна Валовая жана Текрет Камранг «ЕАЭБ – Камбоджа» бизнес-форумун 2017-жылы декабрда өткөрүүнү колдоорун айтышкан.

Форум ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин Камбоджа Падышачылыгы менен мамилелеринин соңку жаңы тарыхындагы биринчи биргелешкен эл аралык иш-чара болуп калды.