Sign In
ЕЭК министри Сергей Глазьев: "ЕАЭБдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү биздин өлкөлөрдүн жаңы техникалык тартипке өтө алышынан көз каранды"

ЕЭК министри Сергей Глазьев: "ЕАЭБдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү биздин өлкөлөрдүн жаңы техникалык тартипке өтө алышынан көз каранды"

18.12.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында "Экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө заманбап көз караш. ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрү үчүн чакырыктар жана перспективалар" деп аталган эл аралык семинардын катышуучулары дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн санариптик баскычына өтүү контекстинде өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин баалоого карата жаңы талаптарды, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) катышуучу өлкөлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн көйгөйлүү жерлерин жана аны жогорулатуу үчүн потенциалдуу өсүш чекиттерин талкуулашты. 

ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев технологиялык тартиптердин бүгүнкү күндө байкалып жаткан өзгөрүшү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук экономикаларынын сапаттуу алга жылуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө деп белгиледи. Бул контекстте Комиссия интеграциялык факторду эске алуу менен, мүчө мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө баалоо жүргүзүүдө. Атап айтканда, 2019-жылда "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлине интеграциянын таасирин баалоо" деген аталыштагы баяндама даярдалды. 

ЕЭК Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян Бирликтин өлкөлөрүнүн санариптештирүү процесстерине катышуусу атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жогорулашынын маанилүү шарты болуп калмакчы деп баса белгиледи. 

"Улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу өлкөнүн калкынын жашоо сапатынын жакшырышынан түздөн-түз көз каранды", – деп эсептейт "Strategy Partners" компаниясынын өнөктөшү Алексей Праздничных. "Керемет болбойт", – деп айтуу менен, ал атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кылуудагы прогресс чечимдерди мамлекеттик деңгээлде кабыл алуучу адамдардын иш-аракеттери менен түздөн-түз аныкталарын түшүндүрүп өттү. 

Россиядагы Америкалык соода палатасынын президенти Алексис Родзянконун жана Европа бизнесинин ассоциациясынын башкы директору Франк Шауффтун пикири боюнча, санкциялардын болушу шарттарында атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу маселелери Россия үчүн өзгөчө актуалдуу болуп калды.

Семинардын катышуучулары атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кылуунун негизги факторлорунун бири катары санариптештирүү процесстеринде бизнестин натыйжалуу катышуусу үчүн шарттарды түзүүнү аташты. ЖЭМ – Сколково Укук жана өнүктүрүү институтунун директору Алексей Ивановдун көз карашы боюнча, мүчө мамлекеттер бул милдетти чечүү үчүн интеграциянын потенциалын колдонуп, бирдиктүү санариптик мейкиндиктин түзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. Учурда барган сайын өсүп жаткан өз ара көз карандылыктан улам рыноктун өнүгүү векторун аныктоо жөндөмдүүлүгү санариптик тутумдарды башкарган "архитекторлого" өтүп жаткандыгын түшүндүрүү менен, "Биз экотутумдуу экономиканын дооруна кирдик", – деп билдирди ал. Бирок ЕАЭБде мындай "архитекторлор" азырынча жок.

Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн өсүшүн камсыз кылуунун дагы бир маанилүү аспекти нарк түзүүнүн глобалдык чынжырларына улуттук ишканаларды тартуу болуп саналат. Макроэкономикалык талдоо жана кыска мөөнөттүү болжолдоо борборунун макроэкономикалык процесстерди талдоо жана кыска мөөнөттүү болжолдоо багытынын жетекчиси Дмитрий Белоусов белгилеп өткөндөй, Бирликтин өлкөлөрүндө өнөр жай өндүрүшүнүн өсүш темптеринин кошумча тездеши 1,7-3,7 п.п. жетиши мүмкүн. 

Жогорку технологиялуу продукциянын өндүрүүчүлөрүн колдоонун мүмкүн болгон чараларын талкуулап жатып, "Транскор-К" ИТБ" ЖЧКнын башкы директору Светлана Камаева ЕАЭБ өлкөлөрүндө улуттук бренддердин оң кабыл алынышы үчүн аларды колдоо зарылчылыгы тууралуу айтып өттү. "Метротекс" ЖЧКнын директору Виктор Киселёв өзүнүн ишканасынын мисалында квалификациялуу кадрларды даярдоону камсыз кылуу зарылчылыгын жана алардын жетишсиздиги жогору технологиялык өндүрүшкө өтүү үчүн түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашырууну артка тартышын баса белгилеп өттү.

Жыйынтыгында семинардын катышуучулары интеграциялык бирикменин шарттарында улуттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу маселесине комплекстүү мамиле жасоо керек экендигин белгилешти. 

Семинардын спикерлеринин чыгып сүйлөгөндөрү бул шилтеме​ боюнча жүктөп алууга жеткиликтүү.​