Sign In
Стратегия-2025 долбооруна Кыргызстандын ЕАЭБдин өнүгүп келе жаткан экономикаларын максаттуу каржылоо механизмдерин жана программаларын киргизүү жөнүндө сунушу кирмекчи

Стратегия-2025 долбооруна Кыргызстандын ЕАЭБдин өнүгүп келе жаткан экономикаларын максаттуу каржылоо механизмдерин жана программаларын киргизүү жөнүндө сунушу кирмекчи

18.11.20
18-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында тараптардын катышуусу менен өткөрүлгөн жумушчу топтун отурумунда Кыргыз Республикасынын евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбооруна сунушу каралды.

Буга чейин Кыргыз Республикасы Стратегия-2025 долбооруна ЕАЭБдин жаңы өнүгүү институтун түзүү, ошондой эле учурдагы өнүгүү институттарынын алкагында максаттуу каржылоо программаларын киргизүү жөнүндө сунушун киргизген эле. Аталган демилгелерди изилдөө үчүн интеграция жана макроэкономика боюнча министр Сергей Глазьевдин жетекчилиги алдында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Тараптар менен биргеликте ал ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү Концепциясынын долбоорун даярдаган.

Жыйынтыктар ушул жылдын аягына чейин ЕЭК Кеңешинин кароосуна көрсөтүлмөкчү.​