Sign In
ЕЭК өкүлдөрү инвесторлордун жана мамлекеттердин ортосундагы талаштарды жөнгө салуу тутумун реформалоо жөнүндө талкууда катышышты

ЕЭК өкүлдөрү инвесторлордун жана мамлекеттердин ортосундагы талаштарды жөнгө салуу тутумун реформалоо жөнүндө талкууда катышышты

18.10.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) делегациясы Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору Галия Джолдыбаеванын төрагалыгы астында БУУнун Эл аралык соода боюнча комиссиясынын (ЮНСИТРАЛ) жумушчу тобунун III «Инвесторлордун жана мамлекеттердин ортосундагы талаштарды жөнгө салуу» деп аталган 38-сессиясында катышышты. Аталган иш-чара Венада (Австрия Республикасы) болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө инвесторлордун жана мамлекеттердин ортосундагы талаштарды жөнгө салуу тутумун реформалоонун негизги аспектилери, ошондой эле мындай багыттарды иштеп чыгуунун ырааттуулугу каралды.

ЮНСИТРАЛдын жумушчу тобунун мүчөлөрү эл аралык инвестициялык укук боюнча консультативдик борборду түзүүгө карата ыктымалдуу мамилелерди талкуулашты. Анын ишмердиги мамлекеттерге чарба жүргүзүүчү субъектилер менен инвестициялык талаштарга байланыштуу укуктук коргоодо жардам берүүгө багытталышы мүмкүн.

Мындан сырткары, инвестициялык талаштарды кароодо третей органдарынын арбитрлеринин тийиштүү этикалык жана процесстик жүрүм-турум эрежелерин орнотууга тиешелүү маселелер каралды.

«ЕАЭБ жөнүндө келишимде инвестордун өз ара инвестициялар менен байланыштуу талаштардын сот караштулуугун тандоосунун варианттуулугу каралган. Бул инвестициялык талаштарды кароонун эл аралык аянтчаларына да тиешелүү, – деп Галия Джолдыбаева талкуунун жыйынтыктары боюнча белгиледи. – ЮНСИТРАЛдын жумушчу тобунун сессияларында катышуу бизге инвесторлордун жана мамлекеттердин ортосундагы талаштарды жөнгө салуу тутумун мыктылоо чөйрөсүндөгү глобалдык тренддерден кабардар болууга мүмкүндүк берет».

 Маалымат

ЕАЭБдин бир мамлекетинин адамынын жана Бирликтин башка мамлекетинин (реципиент мамлекенттин) ортосунда пайда болуучу инвестициялык талаштарды чечүү маселелери ЕАЭБ жөнүндө келишимге №16 тиркеме болуп саналган Кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүү, инвестицияларды негиздөө, алардын ишмердиги жана аларды ишке ашыруу жөнүндө протокол менен жөнгө салынат.