Sign In
ЕЭК Бирлик өлкөлөрүнө май чыга турган өсүмдүктөрдү өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чараларды сунуштады

ЕЭК Бирлик өлкөлөрүнө май чыга турган өсүмдүктөрдү өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чараларды сунуштады

18.09.18
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 18-сентябрдагы отурумунда ички рыноктун жана агроөнөр жай комплексинин иштөө жаатындагы маселе каралды. Атап айтканда, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө май чыга турган өсүмдүктөрдү жана суюк май-тоң май азыктарын өндүрүү жаатында өз ара аракеттенүү боюнча сунуштамалар берилип, дагы бир соода кедергисин четтетүү боюнча чечим кабыл алынды.
ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине май чыга турган өсүмдүктөрдү жана суюк май-тоң май азыктарын өндүрүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Чаралардын тизмегин бекитти. Бирлик өлкөлөрүнө ушул тизмекти эске алуу менен кызматташуу сунушталды. Селекцияны жана үрөнчүлүк чарбасын өнүктүрүү үчүн себилүүчү материалдын импортунун ордуна Комиссия мамлекеттик түзүмдөргө ЕАЭБ өлкөлөрүндө чыгарылган май чыга турган өсүмдүктөрдүн сортторун жана уруктарынын гибриддерин жайылтууга, анын ичинде өлкөлөр аралык кызматташтыкты жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн, ошондой эле айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү себүүдөн баштап түшүм алганга чейин консультациялык коштоону кошо алганда натыйжалуу маркетингдик саясатты жүргүзүүнүн эсебинен көмөктөшүүнү сунуштайт.
Андан тышкары, ЕЭК селекция жана үрөнчүлүк менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъектилердин материалдык-техникалык базасын жаңыртууга болушунча көмөктөшүүнү, протеиндин жогорку көрсөткүчү бар соянын уруктарынын селекциясын, анын ичинде анын азык болуучу сортторун өнүктүрүүнү сунуштайт.
Илимий-изилдөөлөр боюнча кызматташуу жаатында Бирлик өлкөлөрү Комиссиянын колдоо көрсөтүүсү менен биргелешкен тармактык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, атап айтканда, суюк май-тоң май азыктарынын инновациялык рецептураларын иштеп чыгууга, молекулярдык биологиядагы жана генетикадагы жетишкендиктер жаатында тажрыйба алмашууга умтулушат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кайра иштетүүчү уюмдары менен айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы узак мөөнөттүү мамилелердин бекемделиши тармактын өнүгүшүн теңдемдөөгө жардам берет. Анын экспорттук дараметин бекемдөө үчүн биргелешкен инфраструктуралык жана логистикалык долбоорлорду ишке ашыруу, биргелешкен соода миссияларын уюштуруу ж.б. сунушталат.
ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү суюк май-тоң май тармагы – динамикалык өнүгүп келе жаткан тармактардын бири. Өткөн жылы Бирликте 19,5 тонна май чыга турган өсүмдүктөрдүн уругу чогултулган, бул 2012-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик бир жарым эсе жогору. Суюк май-тоң май тармагынын үлүшү агрардык азык-түлүк экспортунун жалпы түзүмүндө 2017-жылы 16%дан ашты.
ЕАЭБдин тоскоолдуктарынын макулдашылган тизмегине киргизилген, соодадагы дагы бир кедергини четтетүү боюнча чечим кабыл алынды. Россия Федерациясынын Өкмөтүнө ЕАЭБдин Бажы кодексинин 22-беренесинин 3-пунктун жана Комиссиянын Коллегиясынын «Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишмердиктин бирдиктүү товардык номенклатурасы боюнча башкаруучу туткасы бар электр тележкасын классификациялоо жөнүндө» чечимин аткарууга багытталган чараларды көрүү сунушталды. Бул Россиянын мыйзамдарынын Бирлик укугуна ылайык келтирилишин божомолдойт. Азыр Россиянын ФБКсы бул товарга карата бажы алымынын коюмун 10% өлчөмүндө колдонуп жатат, ал эми Бирликтин укугуна ылайык, нөлдүк коюм колдонулууга тийиш эле.