Sign In
ЕЭК ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүүнүн үстүнөн иштөөдө

ЕЭК ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүүнүн үстүнөн иштөөдө

IMG04892.JPG
18.08.20
Профилдик жумушчу топтун кезектеги отурумунда Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүүнүн варианттары, ошондой эле буга чейин иштеп келген каржы институттарынын потенциалын бир кыйла толугураак пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралды.
"Евразия экономикалык комиссиясынын баалоосу боюнча, Армения жана Кыргызстанга ЕАЭБдеги өнүгүүнүн орточо деңгээлине жетүү үчүн зарыл болгон каражаттардын көлөмү ЕАӨБ жана ЕСӨФ сыяктуу регионалдык каржы интституттарынын мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып түшөт, – деп билдирди жумушчу топтун башчысы, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев. – Мындай жагдайларда учурдагы каржы булактарын толугу менен пайдаланып, иштелип чыгып жаткан инвестициялык долбоорлорду эксперттик коштоону күчөтүү зарыл".

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү ЕАЭБ мамлекеттеринин өнүгүү деңгээлдерин теңдөө максатында инвестициялык долбоорлорду жана программаларды каржылоо үчүн ЕАЭБде жаңы өнүктүрүү институтун түзүү зарылдыгы жөнүндө пикирин билдирген эле. Алардын пикири боюнча, анын каражаттарын башкарууну учурдагы каржы институттарына өткөрүп берүүгө болот.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү Евразия өнүктүрүү банкынын жана Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун потенциалын бир кыйла толугураак пайдаланууну, ошондой эле, зарыл болгон учурда, алардын мандаттарын кеңейтүүнү сунуш кылышты.

Жумушчу топтун катышуучулары бүгүнкү күндө каржылоо үчүн даярдалган долбоорлордун масштабы учурда иштеп жаткан өнүгүү институттарынын мүмкүнчүлүктөрүнөн аз экендигин баса белгилешти. Буга байланыштуу келечекте каражаттарды тартуу максатында инвестициялык долбоорлорго экспертиза жүргүзүү жана аларды көрсөтүү боюнча потенциалды өстүрүү маанилүү милдет болуп саналат.

"Астана" Эл аралык каржы борборунун демилгеси боюнча, кызматташтыктын бул багытынын алкагында иш-аракеттерди бириктирүү мүмкүнчүлүгүн предметтик талкуулоо үчүн, ушул жылдын сентябрь айында эл аралык жана улуттук өнүгүү институттарынын катышуусунда илимий-тажрыйбалык семинарды өткөрүү пландаштырылууда.