Sign In
Татьяна Валовая: «ЕАЭБ БУУ 2030 күн тартибинин алкагында туруктуу өнүгүү боюнча өздүк методологиясын активдүү өнүктүрүүдө»

Татьяна Валовая: «ЕАЭБ БУУ 2030 күн тартибинин алкагында туруктуу өнүгүү боюнча өздүк методологиясын активдүү өнүктүрүүдө»

18.07.19

Мындай деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая салттуу түрдө БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңеши (ЭКОСОС) тарабынан июль айында бүткүл дүйнөлүк уюмдун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өткөрүлүүчү туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги Саясий форумдун алкагында билдирди.

Татьяна Валовая «ТӨМгө жетүү үчүн энергонатыйжалуулук» сайд-инвентинин ачылышында сөз сүйлөдү. Талкуу Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) органдарында 2019-жылда төрагалык кылган Армения тарабынан демилегеленген. Армения Республикасынын Вице-премьери Тигран Авинян иш чаранын негизги баяндамачысы болду, талкууда Бирликтин мүчө мамлекеттеринин БУУнун алдындагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, ошондой эле уюмдун профилдик бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

«ЕАЭБде энергонатыйжалуулук маселелерин электр энергиясынын, мунайдын, газдын жана мунай өнүмдөрүнүн бирдиктүү рынокторун түзүү призмасы аркылуу гана эмес, өндүрүштөрдү жана техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу тутумдарын модернизациялоо контекстинде да кароо зарыл», – деди Татьяна Валовая. ЕЭК өкүлү, Комиссия жана мүчө мамлекеттер бул маселелерге өткөн жылдын аягында Санкт-Петербургда жогорку деңгээлде кол коюлган Декларацияны өнүктүрүүнүн алкагында, интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын үстүнөн алып барылып жаткан иштин алкагында көңүл бурарын баса белгилеп өттү.

Ошондой эле, ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү россиялык тарап Бирликтин башка өлкөлөрүнүн БУУнун алдындагы дипмиссиялары менен биргеликте уюштурган, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүсүнө арналган көргөзмөнүн ачылуу аземине катышты.

«Биз, Бирликтин мүчө мамлекеттери тарабынан БУУнун аянтчасында буга чейин көрсөтүлгөн же жакынкы жылдарда көрсөтүлө турган ТӨМ жаатындагы улуттук баяндамалар менен катар, биз бул теманы ЕАЭБдин атынан активдүү өнүктүрүп жаткандыгыбызды кубануу менен билдиребиз, – деп Татьяна Валовая баса белгиледи. – Жана биздин бул тармактагы тажрыйбабыз алдыңкылардан болуп саналат».

Ал ЕЭК 2017-жылда эле ЕАЭБ регионунда ТӨМгө жетүү жөнүндө баяндама даярдаганын эскертип өтүү. Ошондо бул интеграциялык бирикменин атынан мындай документтин иштелип чыгышынын биринчи мисалы болгон. Татьяна Валовая туруктуу өнүгүү жаатындагы иштеп чыгууларды өнүктүрүү боюнча Бирликтин кийинки кадамдарына карата пландар менен бөлүштү, алардын катарында – ЕАЭБде ТӨМ көрсөткүчтөрүн баалоо үчүн методологияны иштеп чыгуу жана анын негизинде региондогу бул тармактагы иштердин абалы жөнүндө баяндаманы актуалдаштыруу.

ЕЭК министри форумдун алкагында бир катар уюмдардын жана БУУ тутумунун органдарынын бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери менен бир нече жолугушууларды өткөрдү.