Sign In
Михаил Мясникович Кубатбек Бороновду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалгандыгы менен куттуктады

Михаил Мясникович Кубатбек Бороновду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалгандыгы менен куттуктады

5eea281f99e3c.jpg
18.06.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Кубатбек Бороновго анын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалгандыгына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү. 

 

"Евразия экономикалык комиссиясы Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Сиздин иш-аракеттериңизге көмөк көрсөтмөкчү", – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы өзүнүн катында билдирди.

 

Михаил Мясникович Кубатбек Бороновго жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү ишмердик каалап өттү.​