Sign In
ЕАЭБде тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк эмес товарларды ташуу эрежелери жеңилдетилди

ЕАЭБде тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк эмес товарларды ташуу эрежелери жеңилдетилди

18.05.20

Евразия экономикалык бирлигинде тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк эмес товарларды ташуудагы талаптар жеңилдетилди. Россия Федерациясы Евразия "бешилтигинин" ички рыногунда мындай продукцияны өз-өзүнчө ташуу жөнүндө талаптарды жойду. Бул тууралуу ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданян билдирди.


"Биз Россия Федерациясындагы кесиптештерибиздин буга чейин ЕАЭБде өз ара соода жүргүзүүдө тоскоолдук кылып келген ашыкча талаптарды жоюуга багытталган ырааттуу ишин байкоодобуз"
, – деди Варданян.


Буга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички рыногундагы жагдайга мониторингдин жүрүшүндө ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаменти россиялык тарап Бирликтин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин жөнгө салуу объектиси болуп саналган тамак-аш продукциясын ташууга карата кошумча талаптарды коюп жаткандыгын аныктаган.


Бирликтин техникалык регламентине ылайык, товарлардын ар түрдүү топторун бир мезгилде ташууга жол берилет. Бирок алардын бири-бирине тийүүсүн, тамак-аш продукциясынын булгануусунун жана анын органолептикалык касиеттеринин өзгөрүүсүн болтурбоочу шарттарды камсыз кылуу зарыл.


Аталган ташуу процессин жөнгө салууда катышкан ведомстволордун өкүлдөрү менен тийиштүү консультациялар өткөрүлдү.


Эми Россиянын санитардык эрежелери ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин ченемдери менен шайкеш келтирилди.