Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

asf
18.04.16

18-апрелде Москвада Евразия экономикалык Комиссия Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россия Федерациясынын Владимир Путин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Евразия экономикалык биримдигин (ЕАЭБ) мындан ары өнүктүрүү артыкчылыктарына байланыштуу маселелерди талкуулашты жана үчүнчү өлкөлөр, ошондой эле интеграцилык биримдиктер менен экономикалык мамилелерди тереңдетүү тууралуу пикир алмашышты. 

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Тигран Саркисянды ЕЭК Коллегиясынын Төрагалыгы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады.  Ал Тигран Саркисяндын бул кызмат ордундагы миссиясынын жоопкерчиликтүүлүгүн баса белгилеп: “Сиз экөөбүз жакшы тааныштарданбыз, өлкөлөрүбүздүн өкмөттөрүн башкарууда бирге иш жүргүзгөнбүз. Азыр Сиздин миссияңыз өтө жоопкерчиликтүү – Сиз эл аралык жана жогорку рангдагы чиновник болдуңуз.  Сиздин жетекчилигиңиз алдында Евразия Биримдигинин Комиссиясы ийгиликтүү иш жүргүзөөрүнө ишенем.  Менин көз карашым боюнча, Виктор Борисович Христенко эң жакшы камдык көрдү.  Алдыбызда, биргелешип чече турган көп маселелер бар”.

Мамлекет башчысы  ЕАЭБ артыкчылыктарын максималдуу түрдө колдонуу зарылчылыгын белгиледи, бул мүчө мамлекеттердин алдына коюлган милдеттерди чечүүгө түрткү берет.   “Чындыгында биз, экономиканы көтөрүү жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды түзүү максатында интеграциялык биримдикти түздүк”, - деп белгиледи Владимир Путин.

РФ Президенти Тигран Саркисяндын иш-аракеттерине ийгилик каалады.  “Алдыда бизди, жакында өкмөт башчыларынын Ереванда өтө турган жолугушуусу, андан соң мамлекет башчыларынын Астанадагы жолугушуусу күтүүдө. Ошондуктан бул олуттуу иш-чараларга биргеликте даярданабыз”, - деп жыйынтыктады Владимир Путин.

Өз кезегинде, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүү тууралуу талкуулоолор үчүн РФ Президентине ыраазычылыгын билдирди.   Интеграция үчүн жыйналган потенциал,Биримдикз өлкөлөрүнүн элинин кызыкчылыгына кызмат кылаарын айтып өттү.  Тигран Саркисян Комиссия Коллегиясынын иш-аракетинде үзгүлтүксүздүктү камсыздоо зарылчылыгын жана бүгүнкү жаңы чакырыктарга жооп берүүгө даяр экендигин белгиледи. “Соода-экономикалык мейкиндигиндеги, ошондой эле  дүйнөлүк ландшафттагы өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз, андыктан Евразия экономикалык комиссиясы, биздин Биримдик болуп жаткан мындай глобалдык өзгөрүүлөргө ылайыкташууга даяр болуусу керек”, - деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Тигран Саркисян РФ Президентине, мамлекет башчылар тарабынан аныкталган багыттар жана артыкчылыктарды толук масштабдуу түрдө ишке ашыруу үчүн Комиссия мүмкүн болгон бардык иш-аракеттерди жүргүзөөрүн айтты.