Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү авиация тармагында кызматташууну тереңдетишет

ЕАЭБ өлкөлөрү авиация тармагында кызматташууну тереңдетишет

Foto_Kaykiev_17_02_2021.jpg
18.02.21

 "Авиациялык өнөр жай тармагында кызматташууну кеңейтүү темасы ЕАЭБдеги эң маанилүү темалардын бири болуп саналат", - деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян, – андыктан ага өзгөчө көңүл бурулат".

Консультативдик комитеттин мүчөлөрү Комиссиянын Коллегиясынын кабелдик-өткөрмө продукцияны өндүрүү чөйрөсүндө Бирлик өлкөлөрүнүн кызматташтыгын тереңдетүү боюнча сунуштамасын бир добуштан жактырышты. Документте мүчө мамлекеттердин экономикасын модернизациялоонун артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен Евразия экономикалык бирлигинде мындай продукцияны өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган.

"Иштин ушул багытын өркүндөтүү өнөр жайчылардын күч-аракетин товарлардын эң популярдуу түрлөрүн өндүрүүгө топтоого мүмкүндүк берет, ошону менен бирге ички рынокто чет элдик продукциянын үлүшүн кыскартат", - деп баса белгиледи Артак Камалян.

Мындан тышкары, Консультативдик комитеттин мүчөлөрү Комиссиянын өнөр жай субсидиялары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу, анын ичинде 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын бирин тараптар менен биргеликте жүзөгө ашыруу жөнүндө маалыматтык отчетун карашты. Кеп тиешелүү инструменттерди жана ЕАЭБде өнөр-жайды мамлекеттик колдоо деңгээлин баалоо жөнүндө болду. Объективдүү баалоо жана ушул чөйрөнүн учурдагы аспектилерин чагылдырган отчетту даярдоо боюнча иштерге тараптарды максималдуу тартуунун зарылдыгы белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле, Бирлик өлкөлөрүндө өндүрүлгөн товарлардын кыймылына мүчө мамлекеттер бирдей шарттарды камсыз кылуусуна байланыштуу Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечиминин долбоорун талкуулашты. ЕЭК министри өнөр жай саясатын жүзөгө ашырууда ЕАЭБ товарлары үчүнчү өлкөлөрдүн продукцияларынан кем эмес ыңгайлуу шарттар менен камсыздалышы керектигин баса белгиледи.

Евразиялык технологиялык платформаны түзүү жөнүндө Крымдын Айыл чарба илимий-изилдөө институтунун демилгелүү сунушу каралды. Комитеттин мүчөлөрү “Эфир майлуу жана дары өсүмдүктөрүн өндүрүү, кайра иштетүү жана пайдалануу технологиялары” жаңы технологиялык платформасын түзүү боюнча документтердин пакетин жактырышты. Кийинки кадам ушул демилгени ЕЭК Коллегиянын жана Кеңешинин кароосуна киргизүү болот.

Тараптар ошондой эле кара жана түстүү металлдардын калдыктары жана сыныктары рыногундагы кырдаалды талкуулашып, тармакты өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын топтомун иштеп чыгуу, анын ичинде аларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу чектөөлөрдү киргизүү, чогултуу жана керектөө баланстарын түзүү, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринде кара жана түстүү металлдардын калдыктары менен сыныктарынын көлөмдөрүн көбөйтүү зарылдыгын белгилеп өтүштү.

Отурумда жалпысынан актуалдуу евразиялык күн тартибине тиешелүү 13 маселе каралды.​