Sign In
ЕАЭБдин ишкердик коомдоштугу Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аягына чыгара иштеп чыгууда катышууда

ЕАЭБдин ишкердик коомдоштугу Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аягына чыгара иштеп чыгууда катышууда

18.02.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин катышуусу менен отурум өткөрүп, анда Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунун үстүндө иштөөнүн натыйжалары каралды. Андан аркы иш-аракеттердин алгоритми талкууланды. Бирликтин өлкөлөрүнүн чакан жана орто бизнеси үчүн ишкердик климатты жана жагымдуу чөйрөнү түзүү механизмдерине басым жасалды.

ЕЭК министри аталган документ, Бирликтин өнүгүүсүнүн негизги векторлорун түзүү менен, интеграциянын ЕАЭБ жөнүндө келишим менен аныкталган бардык тармактарын камтыйт деп белгиледи. Ал "ЕАЭБ өлкөлөрү ишти аяктоого жакын калды: 318 позиция макулдашылды, ал эми калган келишпестиктер 15 өз ара аракеттенүү механизмине гана тиешелүү" деп баса белгиледи.

Сергей Глазьев Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларациянын жоболорун айтып өттү. Аларды ишке ашыруу механизмдерин бизнестин өкүлдөрүнүн катышуусу менен гана иштеп чыгуу мүмкүн.

"Биз бизнес-коомдоштук менен конструктивдүү диалог курууга жана ишкердик коомдоштуктардын жогору деңгээлдеги катышуусуна кызыкдарбыз. Ошондой эле, биз чакан жана орто бизнес үчүн жагымдуу ишкердик климаттын түзүлүшү биздин биргелешкен иштин маанилүү бөлүгү болуп калышы зарыл экендигин жакшы түшүнөбүз", – деп баса белгиледи министр.

Пикир алмашуунун жүрүшүндө бизнестин өкүлдөрү биргелешкен ишке өздөрүнүн кызыгуусун тастыкташты жана приоритеттүү маселелер катары төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүштү: техникалык жөнгө салуу жаатындагы укук бузуулардын түрлөрүн шайкеш келтирүү, товарларды көзөмөлдөө жана маркалоо, каржы-банк тармагындагы интеграцияны өнүктүрүү, каботаждык ташууларды либералдаштыруу программасын ишке ашыруу ж.б.

Ошондой эле, бизнестин өкүлдөрү ЕЭКтин жөнгө салуучу функцияларын кеңейтүү зарылдыгын белгилешти. Алар Комиссия Бирликтин ичиндеги талаш-тартыштарды чечүү үчүн натыйжалуу аянтчага айланышы зарыл деп эсептейт.

Ошондой эле, Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосунда товарлар менен өз ара соода жүргүзүүнүн өнүгүшүнө тоскоолдуктардын, алып коюулардын жана чектөөлөрдүн таасирин баалоого карата Комиссиянын мамилелери жөнүндө маалымат көрсөтүлдү.

Талкуунун катышуучулары ЕАЭБдин Ишкердик кеңеши аркылуу Комиссияга Бирликтин перспективдүү өнүгүүсү боюнча бизнес-ассоциациялардын актуалдаштырылган сунуштарын, ошондой эле Комиссиянын тоскоолдуктарды аныктоо жана жоюу боюнча ишмердигин эске алуу менен, алардын ЕАЭБдеги өз ара сооданын абалына таасирине ишкердик коомдоштуктар тарабынан берилген баалоо жөнүндө маалыматты жиберүү жөнүндө келишишти.