Sign In
Михаил Мясникович РИАнын Илимий кеңешинин отурумунда катышмакчы

Михаил Мясникович РИАнын Илимий кеңешинин отурумунда катышмакчы

18.02.20

19-февралда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсү (министр), РИА академиги Сергей Глазьевдин төрагалыгы астында Россия илимдер академиясынын (РИА) Илимий кеңешинин евразиялык экономикалык интеграциянын комплекстүү маселелери, модернизациялоо, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана туруктуу өнүгүү боюнча отуруму болуп өтмөкчү. Отурумда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана РИА Президенти Александр Сергеев катышышмакчы.

Иш-чаранын күн тартибинде – дүйнөлүк чарбалык жана технологиялык тартиптердин өзгөрүү шарттарында евразиялык интеграциянын стратегияларын, РИАнын жана ЕЭКтин өз ара аракеттенүү маселелерин карап чыгуу, ошондой эле Евразия континентинин улуттар аралык өнүгүүсү, Евразия илимий-технологиялык палатасынын концепциясы жана РИАнын Инженердик мектебин түзүү боюнча сунуштарды талкуулоо.