Sign In
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусу

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусу

1607700073.jpg
18.01.21

 

2021-жылдын 1-январынан тартып Казакстан Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин органдарында төрагалыкты кабыл алды.

 Биздин бирикменин иштешинин биринчи беш жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, Евразия экономикалык бирлиги ийгиликтүү жана жагымдуу интеграциялык долбоор катары калыптанды деп ишенимдүү айтууга болот.

 Ошону менен бирге бүгүнкү күндө дүйнө катаал шартты башынан кечирип жаткан учур. Дүйнөлүк экономикадагы жана каржы рынокторундагы туруксуздук коронавирус пандемиясынын терс таасири менен коштолууда. Ал эл аралык мамилелердеги көптөгөн көйгөйлөрдү ачыкка чыгарып, экономикалык өз ара аракеттенүүнүн калыптанган моделдерин, принциптерин жана куралдарын кайра карап чыгууга алып келди.

 Мындай шарттарда биз, Бирлик катары, узак мөөнөттүү артыкчылыктарга багыт алышыбыз керек: экономикалык жана социалдык тутумдардын туруктуулугун сактоого, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга жана ЕАЭБдин жана ага мүчө мамлекеттердин прогрессин камсыз кылууга.

 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын натыйжалуу жана толук кандуу жүзөгө ашыруу бул максаттарга жетүүгө өбөлгө түзөрү шексиз.

 Казакстан төрагалык кылган жылы биз төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурууну сунуштайбыз.

 Биринчиден, өнөр жай кооперациясына жаңы дем берүү керек.

Бул максатка жетишүү үчүн өнөр жайда, агроөнөр жай секторунда жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө биргелешкен ишканаларды түзүү талап кылынат.

 Буга кошумча, жаңы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, биздин өлкөлөрдүн ээлик кылуучу субъекттеринин ортосундагы өндүрүштүк байланышты жана натыйжалуу экономикалык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.

 Интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн көрсөтүлгөн чөйрөлөрүндө Евразия өнүктүрүү банкынын потенциалын максималдуу колдонуу абзел.

 Биргелешкен ишканаларды түзүү жана мүчө мамлекеттердин өнөр жай тармактарынын ортосундагы байланыштарды бекемдөө, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жана биздин мамлекеттердин рынокторундагы тоскоолдуктарды жоюуга кошумча түрткү болот.

 Аталган приоритеттердин негизинде "ЕАЭБ алкагында өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарын" жаңы мазмун менен толтуруу талап кылынат.

 Чогуу бул чаралар Бирликтин жалпы рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү өнөр жай товарларын өндүрүүдө кооперация үчүн шарт түзүүгө мүмкүндүк берет, бирикменин бардык мүчөлөрүнүн сырьелук эмес экспортунун көлөмүнүн олуттуу өсүшүнө алып келет.

 Экинчиден, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара соодадагы калган тоскоолдуктарды четтетүү артыкчылыктуу маселе болуп саналат.

 Бизнес Өкмөттөрдөн жана Евразия экономикалык комиссиясынан чечкиндүү кадамдарды күтүүдө.

 Евразия экономикалык комиссиясы учурдагы соода тоскоолдуктарын жигердүү жана ачык-айкын алып салып жана жаңы тоскоолдуктардын пайда болушуна жол бербөө, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүгүртүлүшүнөн алып коюуларды жана чектөөлөрдү максималдуу кыскартууну камсыз кылуу боюнча иштерди аткарышы керек.

 Мониторинг жана талдоо борбордук, аймактык жана муниципалдык деңгээлдерде соода тоскоолдуктарын камтууга тийиш. Биринчи кезекте, аракеттер өз ара соодага эң чоң терс таасирин тийгизген тоскоолдуктарга багытталышы абзел.

 Импортту алмаштыруунун улуттук программалары, рынокту өз продукциясы менен каныктыруу милдеттери Бирликтин укуктук ченемдерин так сактоо менен жүзөгө ашырылышы керек.

 Үчүнчүдөн, трансчек аралык транспорттук артериялардын жана логистикалык түйүндөрдүн дараметин толук жана толук пайдалануу маанилүү.

 Бул чөйрөдөгү натыйжалуу кызматташтык соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө жана бүткүл евразиялык континентинде ишенимди орнотууда чечүүчү ролду ойнойт.

 Бул максаттарда биз евразиялык интеграциялык бирикмени “Бир алкак - бир жол” демилгеси менен байланыштырган өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча ишти күчөтүүнү сунуштайбыз.

 Евразиялык транзиттик каттам Европа-Азия соода-транспорттук огу боюнча эл аралык соода үчүн эң жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек.

 Мүчө мамлекеттердин улуттук товар өткөрүүчү тутумдарын бириктирүү, анын ичинде евразиялык дүң-логистикалык комплекстерди түзүү аркылуу долбоорду ишке ашыруу, катышуучу-өлкөлөрдүн ээлик кылуучу субъекттери үчүн да, чет өлкөлүк өнөктөштөр үчүн да ЕАЭБдин транспорттук коридорлорунун жалпы натыйжалуулугун жогорулатат деп ишенебиз.

 Казакстан Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен чек арасындагы "Хоргос түйүнүнүн" потенциалын, ошондой эле Казакстан Республикасынын Өзбекстан Республикасы менен чектеш аймагында түзүлүп жаткан "Борбор Азия" эл аралык соода-экономикалык кызматташуу борборунун мүмкүнчүлүктөрүн ЕАЭБдин бардык мүчөлөрүнүн кызыкчылыгында пайдаланууну сунуштайбыз.

 Төртүнчүдөн, жалпы санариптештирүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасын өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү болушу керек.

Өнөр жайда, айыл чарбасында жана транспорт чөйрөсүндө санарип технологияларын жайылтууда сапаттуу ылдамдануу маанилүү.

 Эң биринчи кезекте заманбап IT-чечимдерин колдонууну бажылык жөнгө салууда, салыктык башкарууда, ветеринардык көзөмөлдө жана товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин жүрүүсүнө түздөн-түз таасир этүүчү башка тармактарда кеңейтүү кажет.

 ЕАЭБдин Интеграцияланган маалымат тутумунун ийгиликтүү иштешин камсыз кылууга көңүл буруу маанилүү. Бул электрондук маалымат алмашуу алкагындагы биздин ишти сапаттуу түзүүгө мүмкүндүк берет.

 Санарип күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүүгө биздин өлкөлөрдүн IT коомчулугунун максаттуу, жигердүү жана бирдей катышуусу толугу менен Бирликтин кызыкчылыгына толугу менен жооп берет деп эсептейбиз.

 Бешинчиден, тышкы рынокторго чыгууну ырааттуу кеңейтүү, үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык бирикмелер менен соода-экономикалык мамилелерди жигердүү өнүктүрүү зарыл.

 Буга байланыштуу, "ЕАЭБ — ЕБ" форматында диалог түзүү боюнча ишти активдештирүү жана тутумдаштыруу маанилүү деп эсептейбиз. Европа комиссиясы жана Европа бирлигинин башка органдары менен кызматташуу тең укуктуу, өз ара пайдалуу жана прагматикалык мүнөздө болушу керек.

 Ушундай эле тутумдуу диалогду Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (ACEAH) менен түзүү абзел.

 Жаңы соода бирикмеси — дүйнөлүк сооданын үчтөн бир бөлүгү туура келген Жалпы аймактык экономикалык өнөктөштүк (RCEP) менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу стратегиясын иштеп чыгуу зарыл.

 Көрсөтүлгөн демилгелерди толук кандуу ишке ашыруу үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын аппаратынын жөнгө салынган жана натыйжалуу иши маанилүү.

 Буга байланыштуу, Комиссиянын кадрдык курамына талапкерлерди тандоо маселесин ЕЭКти каржылоого мамлекеттердин үлүштүк катышуусуна катуу байланыштырбастан, меритократия принциптеринин негизинде, кесипкөйлүктү жана ишкердик сапаттарды эске алуу менен чечүү зарыл деп эсептейбиз.

 ЕАЭБде төрагалык кылуу мезгилинде, Казакстан Республикасы белгиленген күн тартибин жигердүү илгерилетүүгө ниеттенүүдө жана өнөктөштөрдүн конструктивдүү колдоосуна ишенет.

 Алдыга коюлган максаттарга жетүү ар бир мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнө күчтүү түрткү берет жана ЕАЭБдин потенциалын чыңдайт деп толук ишенебиз.

 

 Жогорку Евразия

экономикалык кеңешинин

төрагасы

 

К.К. Токаев​