Sign In
ЕАЭБде продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аккредиттөө боюнча органдардын жана мамлекеттик контролдоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү бекемделүүдө

ЕАЭБде продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аккредиттөө боюнча органдардын жана мамлекеттик контролдоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү бекемделүүдө

150724_016.JPG
17.12.20

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аккредиттөө боюнча органдарынын Жетекчилер кеңешинин Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренконун жана ЕАЭБ мамлекеттеринин аккредиттөө боюнча органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен болуп өткөн алтынчы отурумунда аккредиттөө чөйрөсүн өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Аккредиттөө боюнча органдардын жана мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмдерин камсыз кылууга, ошондой эле аталган чөйрөдө санариптештирүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү.

"Аккредиттөө боюнча органдардын мамлекеттик контролдоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү ЕАЭБдин рыногунда коопсуз продукциянын жүгүртүлүшүн, анын Бирликте белгиленген бирдиктүү талаптарга шайкештигин камсыз кылуудагы, рынокто шайкештикти баалоо боюнча иштерди аткарган ак ниет жана компетенттүү уюмдардын иштөөсү үчүн шарттарды түзүүдөгү негизги багыттардын бири болуп саналат", – деп белгиледи Виктор Назаренко.

Жетекчилер кеңешинин отурумунда бир катар уюштуруучулук чечимдер, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аккредиттөө боюнча органдарынын мүчөлөрү тарабынан жетектелген, төмөнкү эң актуалдуу багыттар боюнча беш жумушчу топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды: аккредиттөө чөйрөсүндөгү жалпы маселелер боюнча; аккредиттөө чөйрөсүндөгү санариптештирүү маселелери боюнча; лабораторияларды аккредиттөө чөйрөсүндөгү шайкеш келтирүү боюнча; инспекциялоо органдарын аккредиттөө чөйрөсүндөгү шайкеш келтирүү боюнча; сертификаттоо боюнча органдарды аккредиттөө чөйрөсүндөгү шайкеш келтирүү боюнча.

"Жумушчу топтордун ишмердиги аккредиттөө чөйрөсүндөгү бир кыйла татаал жана комплекстүү маселелерди эксперттик иштеп чыгуунун керектүү тереңдигин камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана кеңеш тарабынан бул чөйрөдөгү стратегиялык маанилүү чечимдердин кабыл алынышына өбөлгө түзөт деп эсептейм. Келе жаткан жылда санариптик чечимдерге жана татаал санитардык-эпидемиологиялык жагдайдын шарттарында аралыктык технологияларга өзгөчө көңүл бөлүү зарыл", – деп ЕЭК министри Виктор Назаренко баса белгиледи.

Жетекчилер кеңешинин 2021-жылдагы төрагасын дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Кийинки жылда кеңеште Казакстан Республикасынын атынан Казакстан Республикасынын аккредиттөө боюнча органынын жетекчиси – Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин Улуттук аккредиттөө борборунун башкы директору Рината Баутова төрагалык кылмакчы.

Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аккредиттөө боюнча органдарынын Жетекчилер кеңеши Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 5 Чечими менен 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди ишке ашыруунун алкагында техникалык жөнгө салуу жаатындагы аккредиттөөнү өнүктүрүү максатында Евразия экономикалык бирлигинин көмөкчү органы катары түзүлгөн.​