Sign In
ЕАЭБ стандартташтырууну өнүктүрүүнүн багыттарын өркүндөтүү боюнча макулдашылган иш-аракеттерди иштеп чыгууда

ЕАЭБ стандартташтырууну өнүктүрүүнүн багыттарын өркүндөтүү боюнча макулдашылган иш-аракеттерди иштеп чыгууда

161010_006.jpg
17.12.20

Евразия экономикалык бирлигинин рыногуна келип түшүп жаткан продукциянын сапат жана коопсуздук кепилдигин камсыз кылуу 2020-жылдын 11-декабрында бекитилген, евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын негизги багыттамаларынын бири болуп саналат. Аларды ишке ашыруудагы өзгөчө роль ЕАЭБ мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын Жетекчилер кеңешине – Бирликтин стандартташтыруу чөйрөсүндөгү көмөкчү органына берилет деп Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко аталган кеңештин видеоконференция режиминде өткөрүлгөн алтынчы отурумунда билдирди.

"Продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча 42 механизм аларды чечүүнүн үстүнөн иштөө керек болгон кеңири сандагы маселелерди камтыйт. Бирликтин өлкөлөрү, Бирликтин алкагында продукциянын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуунун биринчи кезектеги багыты катары, стандартташтыруу чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча чараларды кабыл алууну макулдашышты", – деди министр.

Ошондой эле, аталган иш-чарада Бирликтин өлкөлөрүнүн стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын жана ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин өкүлдөрү жана жетекчилери катышышты.

Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү Бирликте стандартташтыруу чөйрөсүндө макулдашылган саясатты жүргүзүү зарылчылыгын, изилдөө (сыноо) жана өлчөө усулдарынын негизинде стандарттарды иштеп чыгууну тутумдуу пландаштыруу, ошондой эле стандартташтыруу боюнча ишти санариптештирүү милдеттерин биргеликте чечүү керектигин айтышты. Бирликтин техникалык регламенттеринин жана алар менен өз ара байланышкан мамлекеттер аралык стандарттардын комплексин актуалдуу абалда сактоо, алардын илимий-техникалык деңгээлин үзгүлтүксүз негизде баалоо боюнча иштерди пландаштыруу жана каржылоо механизмдери талкууланды.

Ошондой эле, отурумдун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин алкагында стандартташтырууну өнүктүрүү боюнча бир катар маселелерди, анын ичинде изилдөө (сыноо) жана өлчөө усулдарынын негизинде мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууну пландаштыруунун жана иштеп чыгуунун тутумдук механизмин түзүүнү, ЕЭКтин жана Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнү, ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук стандартташтыруу институттарынын кызматташтыгын карап чыгышты.

Кеңештин отурумунда бир катар уюштуруучулук чечимдер кабыл алынды. Атап айтканда, 2021-жылда кеңештеги төрагалык Казакстан Республикасына өтөт, буга байланыштуу кеңешти Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин төрагасы Абенов Арман Даулетович жетектемекчи.

Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын Жетекчилер кеңеши Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 14 Чечими менен 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди ишке ашыруунун алкагында техникалык жөнгө салуу жаатындагы стандартташтырууну өнүктүрүү максатында Евразия экономикалык бирлигинин көмөкчү органы катары түзүлгөн. 2020-жылда кеңеште Беларусь Республикасы төрагалык кылат.​