Sign In
Эксперттер ЕАЭБде жана КМШда керектөөчүлөрдү коргоо маселелерин талкуулашты

Эксперттер ЕАЭБде жана КМШда керектөөчүлөрдү коргоо маселелерин талкуулашты

17.12.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Наталья Жукова КМШнын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңешинин 17-декабрда видеоконференция режиминде болуп өткөн отурумунда мүчө мамлекеттердин COVID-19 пандемиясынын мезгилинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча эң мыкты иш-тажрыйбалары тууралуу айтып берди.

"Бүгүнкү күндө биз пандемиянын сабактарынан алгачкы корутундуларды жасай алабыз, – деди ЕЭК Департаментинин директору Наталья Жукова. – Керектөөчүнүн жана бизнестин кызыкчылыктарынын ортосундагы жөндүү теңдемди сактоо каатчылык шарттарында экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуунун эң маанилүү фактору болуп калды". Ошондой эле, ал COVID-19дун таралышына каршы аракеттенүү боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруунун алкагында Комиссия жана ЕАЭБ органдары тарабынан биргеликте иштелип чыккан, керектөөчүлөргө карата ак ниет ишкердик иш-тажрыйбанын жалпы принциптерин жана критерийлерин аныктоо боюнча сунуштаманын долбоорунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Документ 2021-жылдын январь айында ЕЭК Коллегиясы тарабынан каралмакчы.

Наталья Жукова евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын бири жүгүртүүдөгү товарлардын сапат кепилдиктерин, коопсуздугун жана керектөөчүлөрдүн укуктарынын тийиштүү корголушун камсыз кылуу болуп саналат деп белгиледи. "Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн мүчө мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттеринин программасы иштелип чыкмакчы, анын үстүнөн иш кийинки жылга пландаштырылган", – деп корутундулады ал.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча эң мыкты улуттук иш-тажрыйбаларды отурумдун катышуучулары – Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Грузиянын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жана коомдук уюмдарынын жетекчилери талкуулашты.

Беларусь Республикасынын демилгеси боюнча Интернет-соодада керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери каралды. Талкуунун жүрүшүндө бул чөйрөдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого карата жалпы мамилелерди даярдоонун перспективалары белгиленди. ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет болуп саналган Өзбекстандын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча тажрыйбасы белгиленди. Россиялык өкүлдөрдүн демилгеси боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун атаандаштык жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Сегизинчи конференциясынын Резолюциясынын жоболору каралды.

Отурумдун катышуучулары заманбап шарттарда эң маанилүү милдеттердин бири ЕАЭБ жана КМШ аянтчаларында макулдашылган иш-аракеттерди иштеп чыгуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу максатында эл аралык өз ара аракеттенүүнүн учурдагы бардык форматтарын колдоо болуп саналат деп белгилешти. Буга байланыштуу ЕЭКтин БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) жана КМШнын Аткаруучу комитети менен иш-тажрыйбалык өз ара аракеттенүүсү абдан маанилүү болуп саналат, анын натыйжалары Комиссиянын Коллегиясынын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери үчүн кабыл алынып жаткан сунуштамаларында чагылдырылууда.

Маалымат

КМШнын катышуучу мамлекеттеринин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңеши тармактык кызматташтык органы болуп саналат, анын курамына КМШнын катышуучу мамлекеттеринин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жана коомдук уюмдарынын жетекчилери кирет. Консультативдик кеңештин төрайымы – керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдардын жыргалчылыгы жаатындагы көзөмөл боюнча Федералдык кызматтын жетекчиси Анна Попова.

Комиссиянын жана КМШнын катышуучу мамлекеттеринин Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңешинин ортосундагы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандум 2018-жылы түзүлгөн. ​