Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Өзбекстан Республикасынын РФтеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ботиржон Асадов менен жолугушту

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Өзбекстан Республикасынын РФтеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ботиржон Асадов менен жолугушту

17.12.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана Өзбекстан Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ботиржон Асадов 17-декабрда ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча андан аркы кадамдарды жана Өзбекстан Республикасынын Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун алышына байланыштуу иш-аракеттердин алгоритмин талкуулашты.

Михаил Мясникович Өзбекстандын элчисин анын өлкөсү ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун алгандыгы менен куттуктады. Мындай чечимди Бирликтин мүчө мамлекеттеринин башчылары Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 11-декабрдагы отурумунда кабыл алышты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы кооперациялык жеткирүүлөрдү жолго коюунун жана соода жүгүртүүлөрүн өстүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. "2016-2019-жылдардын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Өзбекстан менен товар жүгүртүүсү үч эсе өстү. Бул жылы – 4,9%га. Мындан ары да ушул багытта аракеттенүү керек деп эсептейм", – деди Михаил Мясникович.

"Өзбекстанда Евразия экономикалык бирлигинин ишмердигин жана евразиялык интеграциянын өнүгүүсүн чоң кызыгуу менен байкап турабыз жана Өзбекстандын ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун алышы диалогдун жана кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыгууга мүмкүндүк берет деп чын жүрөктөн ишенебиз, мындан ары иштөө гана калды"  – деп Ботиржон Асадов баса белгиледи.

Ошондой эле, тараптар өз ара кызыгууга ээ болгон маселелер боюнча предметтик өз ара аракеттенүү үчүн негиз болуучу, кызматташтык жөнүндө биргелешкен меморандумду даярдоо жөнүндө келишишти.

Маалымат

Бирликтин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусу ЕАЭБ жөнүндө келишимде каралган. 2018-жылы мындай статус Молдова Республикасына берилген, ал эми Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 11-декабрда өткөрүлгөн отурумунун алкагында – Куба Республикасына берилди.

 Байкоочу мамлекет Евразия экономикалык комиссиясына ЕЭК менен үзгүлтүксүз негизде өз ара аракеттенүүгө, анын ичинде ЕЭК Кеңешинин жана Коллегиясынын отурумдарында чакыруу боюнча катышууга ыйгарым укуктуу болгон өкүлүн жиберүүгө укуктуу.

 Ошондой эле, байкоочу мамлекеттин мамлекет башчысынын жана өкмөт башчысынын Жогорку Кеңештин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумдарында чакыруу боюнча катышуу мүмкүнчүлүгү каралган.

 Байкоочунун статусун алган мамлекет Бирликтин жана анын мүчө мамлекеттеринин, ЕАЭБ жөнүндө келишимдин кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон кандай болбосун иш-аракеттерден алыс болууга милдеттүү.

Өзбекстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты активдүү түрдө кеңейтүүдө. Алсак, 2016–2019-жылдарда Өзбекстандын мүчө мамлекеттер менен товар жүгүртүүсү 4,5 млрд доллардан 9,1 млрд долларга чейин 2 эсе өскөн. Бүгүнкү күндө Өзбекстандын тышкы соодасында ЕАЭБдин үлүшү 30% түзөт, ал эми айыл чарба продукциясынын экспорту 75%дан ашат.

Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү – 22,9 млрд долл., анын ичинде экспорт – 11,5 млрд долл. (анын дээрлик 20% ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет), импорт – 11,4 млрд долл. (дээрлик 55% ЕАЭБ өлкөлөрүнөн).​