Sign In
ЕАЭБде жаңы стандарттар иштелип чыкмакчы

ЕАЭБде жаңы стандарттар иштелип чыкмакчы

17.12.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө бир катар маселелерди карап чыкты. Атап айтканда, "Тамак аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" техникалык регламенти үчүн мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программа бекитилди.

130 эл аралык стандартты, анын ичинде ISO эл аралык стандарттарынын негизинде бир стандартты, EN регионалдык стандарттарынын негизинде эки стандартты, улуттук (мамлекеттик) стандарттардын негизинде 24 стандартты иштеп чыгуу каралган.

Мындан сырткары, "Жарылууга кооптуу чөйрөлөрдө иштөө үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти үчүн мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программа актуалдаштырылды.

2023-жылга чейин Беларусь Республикасы тарабынан төрт мамлекеттер аралык стандарттын иштелип чыгышы, 2020-жылга чейин Россия Федерациясы тарабынан ар кандай мөөнөттөрү менен сегиз  мамлекеттер аралык стандарттын иштелип чыгышы жана бир мамлекеттер аралык стандартка өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Ошондой эле, 2021-жылга чейин Казакстан Республикасы тарабынан бир мамлекеттер аралык стандарттын иштелип чыгышы каралган.​