Sign In
Тигран Саркисян: «Европа жана Евразия экономикалык бирликтеринин ортосундагы мамилелер өз ара пайдалуу өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ»

Тигран Саркисян: «Европа жана Евразия экономикалык бирликтеринин ортосундагы мамилелер өз ара пайдалуу өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ»

17.07.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Урсула фон дер Ляйенди Европа комиссиясынын Төрагасынын кызматына дайындалгандыгы менен куттуктады.
Куттуктоодо мындай деп айтылат: «Сиздин бай тажрыйбаңыз жана билимиңиз Европа бирлигинин бекемделишине өбөлгө түзөт жана бүткүл континенттеги интеграциялык процесстердин өнүгүүсүнө түрткү болот деп ишенем».

Тигран Саркисян, Европа жана Евразия экономикалык комиссияларынын ортосунда 2017-жылы башталган техникалык диалог узартылат жана тереңдетилет деген үмүтүн билдирди. «Европа жана Евразия экономикалык бирликтеринин ортосундагы мамилелер өз ара пайдалуу өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ. Экономикалык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча ачык жана ишенимдүү мамилелерди түзүүгө ишенебиз», — деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы баса белгиледи.