Sign In
ЕАЭБде Мамлекеттердин курстук саясаты боюнча консультациялык кеңеш пайда болот

ЕАЭБде Мамлекеттердин курстук саясаты боюнча консультациялык кеңеш пайда болот

17.07.19
16-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы бажылык жана техникалык жөнгө салуу, каржылык саясат, соода, атаандаштык, санариптештирүү, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички рынокторунун иштеши чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.
ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ мамлекеттеринин курстук саясаты боюнча консультациялык кеңеш жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды.
Документ Бирлик жөнүндө келишимдин жоболорунун негизинде иштелип чыккан. Анда курстук саясат, курамына Бирликтин мамлекеттеринин улуттук (борбордук) банктарынын жетекчилери кирген, өзүнчө орган тарабынан координацияланышы бекитилген.
Макулдашуунун долбоорунда Бирликтин милдеттери, функциялары, курамы жана ыйгарым укуктары аныкталган, ошондой эле чечимдерди кабыл алуунун тартиби жана жол-жоболору белгиленген. Бирликтин милдеттеринин катарында – улуттук (борбордук) банктардын ортосунда курстук саясат маселелери боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү, ички валюта рынокторундагы туруксуздуулуктун жана улуттук валюталардын өз ара солкулугунун көбөйүшүнө себеп болушу мүмкүн болгон потенциалдуу зыяндардын жана тышкы шоктордун булактарын идентификациялоо жана башкалар.
Документ мамлекеттик ички макулдашууну жүргүзүү үчүн Бирликтин өлкөлөрүнө жиберилет.
ЕЭК Коллегиясы бетон аралаштыргычтарга жана эритме аралаштыргычтарга (ЕАЭБ ТЭИ ТН 8474 31 000 1 коду) карата ЕАЭБ ББТнын алып келүү бажы алымынын коюмун эки жылдык мөөнөткө 0%дан 5%га көтөрүүнү чечти. Мындай чечим Россия Федерациясынын сунушун кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынды. Ал Бирлик өлкөлөрүндөгү бетон аралаштыргычтардын жана эритме аралаштыргычтардын өндүрүүчүлөрүн колдоого жана алардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
ЕЭК Коллегиясы, мунара кранынын периметри боюнча операторду көтөрүү үчүн шаты менен кыйгач орнотулган тирөөчтөр менен бириктирилген узунунан кеткен устундардан турган металл конструкция болуп саналган секциясын Тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын 8431 товардык позициясында классификациялады.
ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик-маалымдама маалыматтарынын бирдиктүү тутумун түзүү жана аны мыктылоо боюнча иш чаралардын 2019–2020-жылдарга карата планын бекитти.
Комиссиянын ишмердигинин ар кайсы тармактары боюнча классификаторлорду жана маалымдамаларды иштеп чыгуу жана бекитүү, айрым эл аралык маалымдамалардын жана классификаторлордун жергиликтештирилген версияларын алып баруу жана колдонуу тартибин аныктоо, ошондой эле керектүү методологиялык документтерди иштеп чыгуу пландаштырылууда.
Планды ишке ашыруунун натыйжасында ЕАЭБдин ченемдик-маалымдама маалыматтарынын бирдиктүү тутумун ресурстарынын курамына отуздан ашык маалымдамалар жана классификаторлор киргизилет.