Sign In
Евразиялык интеграцияга 25 жыл: идеядан баштап, иштеп жаткан Евразия экономикалык бирлигине чейин

Евразиялык интеграцияга 25 жыл: идеядан баштап, иштеп жаткан Евразия экономикалык бирлигине чейин

17.05.19
Евразиялык экономикалык интеграциянын учурдагы баскычын, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мындан ары өнүгүү перспективаларын мамлекеттик бийлик, ишкердик жана эксперттик коомдоштуктардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү 16-июнда Астана экономикалык форумунун алкагында «Евразиялык интеграцияга 25 жыл: идеядан баштап ишке ашырууга чейин» сессиясында талкуулашты. Анын модератору Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая болду.

Сессияны Казакстан Республикасынын Премьер-Министринин Биринчи орун басары – Казакстан Республикасынын каржы министри Алихан Смаилов ачты. Ал ЕАЭБдин иштеп жаткан беш жыл ичиндеги жетишкендиктери жана евразиялык интеграция идеясын ишке ашыруудан күтүүлөр канчалык деңгээлде орундалгандыгы жөнүндө айтып берди.

ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин президенти Виктор Христенко евразиялык интеграциялык долбоордун келип чыгуу тарыхы, анын түзүлүшүнүн баскычтары, ЕАЭБдин калыптануусунун ар кайсы баскычтарында дүйнөлүк региондоштуруу процесстеринин таасири жана бизнес-коомдоштуктун ролу жөнүндө айтып өттү. «Бирлик жөнүндө келишим негизги контурларды, максаттарды жана аларга жетүү мөөнөттөрүн гана аныктайт. Ал эми аларды жайылтуу жана аткаруу – улуттук командалардын жана өкмөттөрдүн иши. Бирликтин келечеги анын ушул бөлүгүн канчалык натыйжалуу түзүүгө мүмкүн болушунан олуттуу деңгээлде көз каранды болот», – деди ал.

Беларусь Республикасынын элчиси Анатолий Ничкасов Беларусь Республикасынын евразиялык интеграциялык долбоордун, ошондой эле анын алкагында Евразия экономикалык бирлиги жалпы европалык интеграциянын ажырагыс бөлүгү болуп саналган «интеграциялардын интеграциясы» идеясынын түзүлүшүндөгү ролу жөнүндө маалымдап өттү.

БУУ АТОЭСКтин аткаруучу директору Армида Салсиа Алисджабана заманбап геоэкономикалык шарттарда регионалдык интеграциялык бирикмелердин ортосундагы кызматташтыкты жолго коюунун маанилүүлүгүн белгиледи. Аткаруучу катчы ЕЭК өкүлдөрүн АТОЭСК багыты боюнча иш чараларга катышууга чакырып, ЕАЭБдин географиясын эске алуу менен, АТОЭСК аянтчасы бүгүнкү геоэкономикалык чакырыктарга негизги интеграциялык жоопторду түзүү маселелери боюнча эки Комиссиянын диалогу үчүн эң мыкты жай экендигин белгилеп өттү.
 
Өткөн жылдын аягында мүчө мамлекеттердин башчылары ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияга кол коюшкан. Декларацияны ишке ашыруу контекстинде бизнеске эмне керектиги жөнүндө Sberbank Investment Research компаниясынын башкаруучу ага директору, изилдөөлөр багытынын жетекчиси Ярослав Лисоволик айтып өттү.

Декларациянын негизги багыттарынын бири адамдар үчүн интеграциянын потенциалын ачуу болуп саналат. «Жаш кесипкөйлөр (Ворлдскиллс Россия)» кесиптик коомдоштуктарды жана жумушчу кадрларды өнүктүрүү агенттиги» бирлигинин генералдык директору Роберт Уразов интеграциялык процесстерди билим берүү тармагында өнүктүрүүнүн перспективаларын айтты. Ал, тез интеграцияга өбөлгө түзгөн, WorldSkills Russia’нын тажрыйбасына жана практикасына көңүл бурду. Бул – колледж жана техникумдардын жыйынтыктоочу аттестациясына демонстрациялык сынак форматында эл аралык стандарттарды киргизүү, эксперттик коомдоштукту өнүктүрүү жана өндүрүштүк билим берүү мастерлеринин, окутуучулардын жана жетекчилердин квалификациясын жогорулатуу аркылуу кесиптик билим берүү тутумуна эң мыкты дүйнөлүк жана ата мекендик иш-тажрыйбаларды тираждоо.

Европа бизнесинин ассоциациясынын генералдык директору Франк Шауфф жана Россия-Германия тышкы экономикалык палатасынын аткаруучу директору Кристен Хартен Европа бирлигинин жана Евразия экономикалык бирлигинин ортосунда диалогду жолго коюунун перспективаларына жана европалык бизнестин ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунда иштөө перспективаларына басым жасашты.

Сессиянын аягында Татьяна Валовая спикерлерге ишке катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди, ошондой эле аларды ЕЭК жана Бирлик тарабынан чет өлкөлөрдө уюштурулган, евразия тематикасына арналган негизги иш чараларга катышууга чакырып өттү. Форумдун алкагында Татьяна Валовая бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү. ЕЭК министри АТОЭСКтин аткаруучу катчысы Армида Алисджабана менен келечектеги меморандумду, ошондой эле үстүбүздөгү жылда ЕЭКтин АТОЭСКтин иш чараларына катышуусун талкуулады. Жаңыланган Бреттон-Вудc комитети багытындагы келечектеги иш чаралар жана аларга ЕЭК өкүлдөрүнүн катышуусу жаңыланган Бреттон-Вудc комитетинин Аткаруучу директору Марк Узан менен жолугушуунун предмети болду.

Маалымат

Учурда Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте, 2018-жылдын 6-декабрындагы ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашыруу боюнча конкреттүү механизмдерди жана иш чараларды ачып көрсөткөн, евразиялык экономикалык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялуу багыттарын аныктаган документти даярдоодо.