Sign In
ЕЭК жана АТОЭСК Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

ЕЭК жана АТОЭСК Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

17.05.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков жана Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиянын (АТОЭСК) аткаруучу катчысы Армида Салсиа Алисджабана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Аталган азем 17-майда Астана экономикалык форумунун алкагында болуп өттү.

Меморандум кызматташтыктын ар кандай чөйрөлөрүн, анын ичинде соода, транспорт, энергетика, инвестициялар жана ишкердикти өнүктүрүүнү, ошондой эле маалымат алмашуу, консультацияларды, семинарларды, конференцияларды, форумдарды, тегерек столдорду жана башка иш чараларды өткөрүү, биргелешкен талдамалык жана башка серептерди даярдоо аркылуу кызматташуу механизмдерин аныктайт.

БУУнун ири регионалдык комиссияларынын бири болуп саналган АТОЭСК менен кызматташуу (АТОЭСК регионунда 4,1 миллиард адам же дүйнө калкынын үчтөн эки бөлүгү жашайт) эки эл аралык уюмдун тең ишмердигине оң таасир берет.

Маалымат

Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссия (АТОЭСК) – Бириккен Улуттар Уюмунун регионалдык комиссияларынын эң ириси, 1947-жылы түзүлгөн. Ал Азия жана Тынч океан өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, субрегионалдык, регионалдык жана региондор аралык кызматташууга өбөлгө түзүү үчүн арналган. АТОЭСКке 53 өлкө мүчөлүк кылат, анын ичинде Россия жана КМШнын башка сегиз өлкөсү (Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан). Төрт мамлекет – Улуу Британия, Нидерланды, АКШ жана Франция «регионалдык эмес мүчөлөр» болуп саналат. Азия-Тынч океан регионундагы тогуз аймак Комиссиянын курамына кеңеш берүүчү добуш укугу бар ассоциацияланган мүчөлөр катары киришет.