Sign In
ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБте парфюмериялык-косметикалык продукциянын сапатын жогорулатууга багытталган чечимдерди кабыл алды

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБте парфюмериялык-косметикалык продукциянын сапатын жогорулатууга багытталган чечимдерди кабыл алды

17.05.16

17-майда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги алдында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда техникалык жөнгө салуу, бажы кызматташтыгы, соода, интеграция жана макроэкономика, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү бир катар маанилүү маселелер каралды.

Маселен, ЕЭК Коллегиясы техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө эки чечим кабыл алды, алар Биримдиктин “Парфюмериялык-косметикалык продукциянын коопсуздугу” жөнүндө техникалык регламентке байланыштуу.

Комиссия Коллегиясы Аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун жыйынтыгында аталган техникалык регламенттин талаптарынын аткарылышы камсыздалган мамлекеттер аралык стандарттарды, ошондой эле изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелерин жана ыкмаларын камтыган мамлекеттер аралык стандарттарды, анын ичинде техникалык регламенттин талаптарын колдонуу жана аткаруу үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандоо, техникалык жөнгө салуу объектилеринин шайкештигин баалоо  эрежелерин  иштеп чыгуу (өзгөртүүлөрдү киргизүү, кайра карап чыгуу) боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизди.

Бир катар мамлекеттер аралык стандарттарды (ГОСТ) иштеп чыгуунун башталыш жана бүтүрүү мөөнөттөрү такталды. Программага, атап айтканда, ISO эл аралык стандарттарынын негизинде эки ГОСТ жана ЕN европа стандартынын негизинде бир ГОСТ иштеп чыгуу; эки ГОСТту кайра карап чыгуу жана 12 ГОСТко өзгөртүүлөрдү киргизүү камтылган, аларга ылайык  рН жана уулуу элементтерди аныктоо ыкмаларына карата жокко чыгарылган стандарттарды колдонуудагы стандарттарга алмаштыруу каралат.  2013-2015-жылдары кабыл алынган, микробиологиялык, клиникалык-лабораториялык жана токсикологиялык көрсөткүчтөрдү аныктоо ыкмаларын камтыган ченемдик шилтемелер киргизилди.

Чечим Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында жүгүртүмгө чыгарылган парфюмериялык-косметикалык продукциянын сапатын жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясы Бажы биримдигинин 2011-жылдын 23-сентябрындагы №799 “Биримдиктин “Парфюмериялык-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентин кабыл алуу жөнүндө” чечимине өзгөртүүлөрдү киргизди. Атап айтканда, изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелерин жана ыкмаларын камтыган Стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөр киргизилди. Маселен, Тизменин жаңы редакциясында бул техрегламенттин талаптарын колдонуу жана аткаруу, ошондой эле продукциянын шайкештигин баалоо (тастыктоо) үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандоонун эрежелери жазылган.

Мындан тышкары, Тизмеге Мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу (өзгөртүүлөрдү киргизүү, кайра карап чыгуу) боюнча программага ылайык иштелип чыгарылган 13 ГОСТ киргизилип, Беларустун мамлекеттик стандарттары жана Казакстандын улуттук стандарттары алып коюлду, аларды колдоону мөөнөтү былтыркы жылы аяктаган.