Sign In
ЕЭК Кеңешинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 2016-2017-жылдарга макроэкономикалык багыттары жактырылды

ЕЭК Кеңешинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 2016-2017-жылдарга макроэкономикалык багыттары жактырылды

17.05.16

16-майда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Иш-чарага ЕЭК Кеңешинин Мүчөлөрү катышышты: Армения Республикасынын Вице-премьер-министри, Эл аралык экономикалык интеграциялар жана реформалар министри Ваче Габриелян,  Беларусь Республикасынын Премьер-министринин Биринчи орун басары  Василий Матюшевский, Казахстан Республикасынын Премьер-министринин Биринчи орун басары  Бакытжан Сагинтаев, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри  Олег Панкратов, Россия Федерациясынын Өкмөт Башчысынын  биринчи орун басары Игорь Шувалов, ЕЭК

ЕЭК Кеңеши интеграция жана макроэкономика, соода, экономика жана каржы саясаты, өнөр жай, техникалык жөнгө салуу, энергетика жана инфратүзүм,  бажы кызматташтыгы чөйрөлөрүндөгү бир катар маселелерди карады.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин “Евразия экономикалык биримдигинин мүчө өлкөлөрүнүн макроэкономикалык саясатынын  2016-2017-жылдарга негизги багыттары жөнүндө” чечиминин долбоорун жактырды. Аталган чечим долбоорун ушул жылдын 31-майында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин - Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Президенттеринин кароосуна сунуштоо пландаштырылат.

Документ мүчө мамлекеттердин экономикаларынын алдында турган кыска- жана орто мөөнөттүү эң маанилүү милдеттерди аныктайт жана аларды чечүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү камтыйт. Негизги багыттар Биримдик өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылдагы жыйынтыктарын серептөөнүн, ЕАЭБ мамлекеттери экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктаган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү сактоосуна мониторингдин жыйынтыктарынын  жана өткөн жылы кабыл алынган ушул сыяктуу документти жүзөгө ашыруунун негизинде иштелип чыгарылган.

Негизги багыттарды жүзөгө ашыруу ЕАЭБ мамлекеттери татаал экономикалык абалдан чыгуусуна, макроэкономикалык туруктуулуктун жогорулашына жана экономикалык өсүштүн калыбына келишине өбөлгө түзөт.

Биримдикте медициналык буюмдардын жалпы рыногу толук форматта иштей башташы үчүн ЕЭК Кеңеши Изилдөөлөрдү (сыноолорду) өткөрүүнүн эрежелерин кабыл алды, анын максаты медициналык буюмдардын биологиялык таасирин баалоо болуп эсептелет. Документте медициналык буюмдарга сыноолорду жүргүзүү жөнүндө билдирүү берүүдө медициналык буюмдардын өндүрүүчүлөрүнө жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; медициналык буюмдарга сыноолорду жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу уюмдар; ыйгарым укуктуу уюмдардын бирдиктүү реестрине киргизүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары үчүн милдеттүү  эрежелер аныкталат. Чечимдин максаты - медициналык буюмдарга сыноолорду  жүргүзүүнүн жана алардын медициналык мекемелердин бейтаптарынын жана персоналынын коопсуздугун камсыздоо үчүн  аныкталган коопсуздук жана натыйжалуулук талаптарына  ылайык келишин баалоонун бирдиктүү тартибин аныктоо. 

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңеши Биримдиктин “Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди. Өзгөртүүлөр соода, коомдук тамактануу уюмдары жана тамак-аш блоктору бул документтин талаптарына шайкеш келүүсүн тастыктоонун түрлөрүнө карата аныксыздыктарды четтетүүгө багытталган. Бизнес продукциялар документтин талаптарына шайкеш келишин тастыктоо жаатында иш аракеттердин так алгоритмин ала алды.

Ошондой эле Комиссия Биримдиктин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте Табигый монополиялар субъектилеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколго ылайык  даярдаган маалымат жактырылды. Документте колдонуудагы ченемдик укуктук актылар (анын ичинде энергонатыйжалуулукка тиешелүү), жөнгө салуучу органдардын иши тууралуу маалыматтар камтылган, анын ичинде жөнгө салынуучу тарифтерди (бааларды) аныктоо маселелери жана мунайды, мунай өнүмдөрүн транспортировкалоо, электрэнергетикасы жана темир жол транспорту чөйрөсүндөгү табигый монополиялар субъекттеринин кызматтарына жетүү маселелери боюнча даттануу жана арыздарды карап чыгуу боюнча сот практикасы каралат. Ушул жылдын май айында ЕЭК Кеңеши тарабынан жактырылган маалыматты Жогорку Евразия экономикалык кеңеши карайт.