Sign In
ЕАЭБдин бизнес-коомдоштугу Бирликтеги кризиске каршы чаралардын пакетине сунуштарды даярдайт

ЕАЭБдин бизнес-коомдоштугу Бирликтеги кризиске каршы чаралардын пакетине сунуштарды даярдайт

17.04.20

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин палаталарынын консультативдик кеңеши ишкерлерден Бирликте медициналык товарлар жана коронавирустун пандемиясынан улам чоң суроо-талап пайда болгон башка товарлар менен соода жүргүзүүдөгү жана аларды өткөрүүдөгү тоскоолдуктар жөнүндө маалыматтарды чогултмакчы. Тийиштүү сунуштар Евразия экономикалык комиссиясына жөнөтүлөт.


Бул тууралуу 17-апрелде ЕАЭБ мамлекеттеринин соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилеринин ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн кеңешмесинде кеп кылынды. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович бизнес-коомдоштук бул процесске активдүү катышат деген үмүтүн билдирди. Аталган отурум Белорус соода-өнөр жай палатасынын демилгеси боюнча видеоконференция режиминде өткөрүлдү. 


Михаил Мясникович пандемиянын шарттарында экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган, ЕАЭБдин алкагында кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, ал Өкмөттөр аралык кеңеш тарабынан бекитилген, кризиске каршы стабилдештирүүчү ыкчам чаралардын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча чаралардын комплексине токтолуп өттү.


"Комиссия өз ара соодадагы жана кызматташтыктагы тоскоолдуктарды жоюуга реалдуу убакыт режиминде көмөк көрсөтүүгө аракет кылууда. Медициналык товарлардын Бирликтин өлкөлөрүнүн рынокторуна тез келип түшүүсү үчүн алардын шайкештигин баалоо боюнча бир катар жол-жоболор жоюлду, критикалуу маанилүү товарлардын импорту үчүн "жашыл коридорду" түзүү, экономиканын айрым тармактары үчүн себилдегичтергежанаматериалдарга карата алып келүү бажы алымдарын убактылуу төмөндөтүү же нөлгө түшүрүү каралган. Биз туруктуу негизде алектенип жаткан дагы бир маселе – бул транспорттук жүк ташуулардын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу"
, – деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы.


Михаил Мясниковичтин пикири боюнча, татаал жагдайда калган өнөр жай, транспорт, кызмат көрсөтүү ишканаларына жардам көрсөтүү керек: "Аларга кайтарылма, бирок мөөнөтүн эки-үч жылга жылдыруу менен жеңилдетилген негизде жардам берүү керек. Макроэкономисттер бул улуттук валюталардын курсуна жана инфляцияга терс таасирин тийгизет деп каршы чыгышы мүмкүн. Ооба, бул чын, бирок материалдык өндүрүш жана кызмат көрсөтүүлөр тармагын колдоо керек, ошондо биз кризистен салмактуу чыга алабыз".


ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы соода-өнөр жай палаталарын Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду жана Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте бизнести, биринчи кезекте чакан жана орто бизнести колдоонун жаңы формаларын иштеп чыгууга чакырып өттү.


"Айрым улуттук регуляторлордун өзүнүн экономикасын колдоо үчүн бир тараптуу чечимдерди кабыл алып, Евразия экономикалык бирлиги боюнча өнөктөштөр үчүн кошумча кыйынчылыктарды жаратып жаткандыгы тынчсыздандыруууда. Мунун баары жооп иретиндеги бир кыйла катуу чараларды кабыл алууга көкүтүүдө. Ошондуктан, бардык чечимдер милдеттүү түрдө макулдашылган болууга тийиш"
, – деп кошумчалады Михаил Мясникович. 


Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери улуттук чараларды талкуулашты жана ЕЭКтин колдоосунда кризис шарттарында ЕАЭБде кызматташтыкты бекемдөө жана экономикалык курулушту демилгелөө боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн иш-аракеттерди бириктирүү жөнүндө келишишти. Мындан сырткары, үзгүлтүксүз негизде кеңешмелерди өткөрүү каралган. 


Отурумдун жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук палаталарынын жетекчилери бизнеске кайрылууну кабыл алышты. "Өлкөлөрүбүздүн ишкерлерине ЕАЭБдин алкагында өнөктөштөр менен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү, муктаждыктары жана көйгөйлөрү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймактарында медициналык товарлар жана коронавирустун пандемиясынан улам чоң суроо-талап пайда болгон башка товарлар менен соода жүргүзүүдөгү жана аларды өткөрүүдөгү тоскоолдуктар, интеграциялык процесстерди күчөтүү жана ЕАЭБдин бирдиктүү экономикалык мейкиндигин түзүүнү тездетүү боюнча сунуштар тууралуу маалымдоого өтүнүчүбүз менен кайрылабыз", – деп айтылат документте.


ЕАЭБ мамлекеттеринин палаталарынын консультативдик кеңеши келип түшкөн маалыматтарды жалпылап, тийиштүү сунуштарды Евразия экономикалык комиссиясына жөнөтмөкчү. 


Михаил Мясникович бизнес-коомдоштук көздөлгөн иш-чараларды ишке ашырууда активдүү катышат деген үмүтүн билдирди.