Sign In
ЕАЭБде өз ара соодада фискалдык мониторинг жүргүзүү механизми түзүлүүдө

ЕАЭБде өз ара соодада фискалдык мониторинг жүргүзүү механизми түзүлүүдө

IMG_8958.jpg
17.03.21

Евразия экономикалык комиссиясына караштуу Салык саясаты жана администрациялоо боюнча консультативдик комитеттин отурумунда салык чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, салык органдарынын ортосунда маалымат алмашуу, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигиндеги салыктык мүнөздөгү тоскоолдуктары талкууланды.

Отурум ЕЭКтин Каржы саясаты департаментинин директору Арман Хачатряндын төрагалыгы алдында ЕЭКтин штаб-квартирасында өттү. Ага Евразия экономикалык бирлигинин салык саясаты маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана эксперттери катышышты.

2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруунун жолдору талкууланды.

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келинген товарларды байкоо жүргүзүү механизми, улуттук байкоо тутумун түзүүнүн жана иштешинин технологиялык аспектилери, принциптери жана ыкмалары жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Бирлик өлкөлөрүнүн иш-чаралары жана пландары каралды. Ошондой эле кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды электрондук формада алуу тартибин аныктоо маселеси каралды.

Консультативдик комитеттин мүчөлөрү жаңы IT-чечимдерди колдонууну эске алуу менен иштелип жаткан ЕАЭБдеги өз ара соодада товарлардын жүгүртүлүшүнө фискалдык мониторинг жүргүзүү механизмин калыптандыруу маселесин кароого өзгөчө көңүл бурушту. Салыктык администрациялоону санариптик трансформациялоо ЕАЭБдеги өз ара соодада товарлардын кыймылын контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле экспорттоодо КНСтин нөлдүк ченин ырастоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча өлкөлөр тарабынан көрүлгөн чаралардын негизин түзөт.

Мындан тышкары, тараптар фискалдык мониторинг тутумунун базалык моделин, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин салык органдарынын маалымат алмашуу боюнча электрондук түрдө өз ара иштешүү тартибинин долбоорун жана маанилүү фискалдык маалыматтардын реквизиттик курамын жактырышты.

Ошол эле учурда ЕЭКтин Каржы саясаты департаменти Комиссиянын Кеңешинин “ЕАЭБдеги өз ара соодада товарлардын жүгүртүлүшүнө фискалдык мониторинг жүргүзүү” пилоттук долбоору боюнча тапшырманын долбоорун даярдоону пландаштырууда.

Мындан тышкары, улуттук электрондук документ жүгүртүү тутумунун иштеши боюнча тажрыйба алмашуу пландаштырылууда (ЕАЭБдин интеграцияланган санарип платформасын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен), бул да мамлекеттик жана жеке секторлордун тездеп бара жаткан санариптик трансформациясы менен шартталат.

Жолугушууда каралган, өз ара соодага таасирин тийгизген салык мыйзамдарынын өзгөрүүлөрдүн ар жылдык сереби ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан кошумча кароодон жана тактоолордон кийин ЕЭКтин веб-сайтына жайгаштырылышы пландаштырылууда.

Маалымат

Салык саясаты жана администрациялоо боюнча консультативдик комитет Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 15-мартындагы № 13 чечими менен түзүлгөн, Комиссиянын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин XVII бөлүмүнө ылайык, өз ара соодада салыктарды алуу механизмин өркүндөтүү, салык саясаты боюнча консультативдик органы болуп саналат.