Sign In
Гоар Барсегян "Россия – Индия – ЕАЭБ" конгрессинде ЕАЭБтин интеграциялык күн тартибин сунуштады

Гоар Барсегян "Россия – Индия – ЕАЭБ" конгрессинде ЕАЭБтин интеграциялык күн тартибин сунуштады

IMG09293.jpg
17.03.21

16-17-мартта видеоконференция форматында өткөн "Россия – Индия – ЕАЭБ" конгрессинин пленардык отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын атынан интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян чыкты. Ал Индия Республикасы Евразия континентинде Евразия экономикалык бирлигинин негизги өнөктөштөрүнүн бири экендигин, бул соодага Бирликтин бардык мүчө-мамлекеттери катышкандыгын белгиледи.

"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Индия менен соода жүгүртүүсүнүн негизги үлүшү Россия Федерациясына туура келет — 74,6% (9,26 млрд АКШ доллары). Анткен менен Бирликтин башка мамлекеттеринин олуттуу үлүшүн да белгилеп кетким келет. Маселен, Казакстан Республикасынын үлүшүнө 19,1% (2,37 млрд АКШ доллары), Беларусь Республикасына — 4,7% (575,83 млн АКШ доллары), Армения Республикасына — 1,3% (160,74 млн АКШ доллары) жана Кыргыз Республикасына — 0,3% (46,47 млн АКШ доллары) үлүш туура келет”, — деди интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору.

Иш-чарага ЕАЭБ өлкөлөрү менен диалогду активдештирүүгө кызыкдар болгон Индиянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышкандыгын эске алуу менен, Гоар Барсегян ишкердик чөйрөдөгү чет өлкөлүк өнөктөштөр менен ЕЭКтин өз ара аракеттенүүсүнүн форматтарына өзүнчө токтолду.

"ЕАЭБ алкагында түзүлгөн инфраструктураны азыртан эле пайдаланууга болот. Ал Бирлик мамлекеттеринин ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү жана чет өлкөлүк өнөктөштөр, анын ичинде Индия Республикасы үчүн да жеткиликтүү", — деди Комиссиянын өкүлү.

Гоар Барсегян индиялык кесиптештерине 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын негизги максаттары жана жоболору жөнүндө маалымат берип, эркин соода аймагын түзүү жөнүндө Индия менен сүйлөшүүлөр документте өзүнчө пункт менен бөлүнгөндүгүн баса белгиледи, бул ЕАЭБ үчүн Индия Республикасынын соода өнөктөшү катары маанисин дагы бир жолу тастыктайт.

"Россия — Индия — ЕАЭБ" конгрессинин алкагында ЕЭК өкүлдөрүнүн катышуусу менен бир катар тематикалык сессиялар каралган. Алар биотехнология, фармацевтика жана саламаттыкты сактоо, инфраструктура, чакан жана орто ишканалар, логистика жана жеткирүүлөр чынжырчасы, соода, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле стартаптар жана жаңы технологиялар сыяктуу темаларга арналат.

Маалымат

"Россия — Индия — ЕАЭБ" конгрессинин уюштуруучулары Индия менен кызматташуу боюнча Россиянын Ишкер кеңеши, Индия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Индия Өнөр жай конфедерациясы болушту.

Пленардык отурумга Индия Республикасынын Тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Шри В. Муралидхаран, Россия Федерациясынын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Кудашев, Москва Өкмөтүнүн министри, Индия менен кызматташуу боюнча Ишкердик кеңешинин башкармалыгынын төрагасы Сергей Черемин, РФ СӨП вице-президенти Владимир Падалко жана башкалар катышышты.