Sign In
ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБде агроиндустрияны өнүктүрүүнүн картасын иштеп чыгууну жактырды

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБде агроиндустрияны өнүктүрүүнүн картасын иштеп чыгууну жактырды

Фото-1.jpg
17.03.20

Документке ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан же ишке ашыруу пландаштырылып жаткан ири инвестициялык жана инновациялык айыл чарба долбоорлору жөнүндө маалыматтар кирет деп болжолдонууда. Картада АӨКтү жана импортту алмаштырууну ресурстук жактан камсыз кылуу үчүн долбоорлорду ишке ашыруу максатка ылайыктуу болуп саналган багыттар көрсөтүлмөкчү. Ошондой эле, карта Бирликтин рыногунда импорттун чоң үлүшү байкалып жаткан айыл чарба товарлары жана ресурстар жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Картаны түзүү жөнүндө аяккы чечимди Евразия өкмөттөр аралык кеңеши кабыл алууга тийиш.


Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян баса белгилеп өткөндөй, азырга чейин ЕАЭБде мындай комплекстүү документ болгон эмес.

"Карта негизинен олуттуу долбоорду ишке ашырып, кооперацияда катыша ала турган жана импортту алмаштыруу менен алектене ала турган ири айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө багытталган", – деди ЕЭК министри.

Комиссиянын пикири боюнча, аталган карта Бирликте макулдашылган агроөнөр жай саясатын жүргүзүүдө интеграциялык өз ара аракеттенүү механизмдерин өнүктүрүүгө жардам берет.

Картанын биринчи бөлүгүнө жалпы агрардык рынокту Бирликтин өлкөлөрүнүн продукциясы менен каныктыруу маселелерин чечүүгө багытталган, эреже катары, наркы 10 млн АКШ долларынан жогору болгон ири долбоорлор киргизилет. Мамлекеттик өз ара аракеттенүүнү, чийки ресурстарды же даяр продукцияны өз ара жеткирүүлөрдү, ЕАЭБдин эки же андан көп мамлекеттеринин катышуусунда айыл чарбадагы инновациялык технологиялык чечимдерди иштеп чыгууну жана киргизүүнү караштырган кооперациялык долбоорлор да ушул жерде камтылышы зарыл.

Ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө маалымат Бирлик боюнча өнөктөштөргө улуттук өнүктүрүү пландарын жана инвестициялык программаларды түзүүдө өндүрүштөрдүн кайталанышын болтурбоого, жалпы агрардык рынокту өнүктүрүү жана аны товарлар менен камсыз кылуу тенденцияларын эске алууга мүмкүндүк берет.

ЕАЭБде агроиндустрияны өнүктүрүү картасынын экинчи бөлүгүнө долбоорду ишке ашыруу максатка ылайыктуу болуп саналган багыттар кирмекчи. Импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү өнүктүрүү, тармактын ресурстук жактан камсыз кылынышын жакшыртуу жана айыл чарбаны мамлекеттик колдоо чараларын натыйжалуу колдонуу үчүн Бирликтин алкагында өндүрүштүн кооперациялык чынжырларын түзүү каралган.

Ошентип, карта Бирлик боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга, мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай комплексин жана жалпы агрардык рынокту өнүктүрүү тутумун уюштурууда импортту алмаштыруучу жана интеграциялык потенциалды ишке ашырууга багытталган комплекстүү документ болуп калмакчы.​