Sign In
ЕАЭБде илимий-техникалык кызматташуу боюнча эл аралык келишимди иштеп чыгуун сунушталды

ЕАЭБде илимий-техникалык кызматташуу боюнча эл аралык келишимди иштеп чыгуун сунушталды

17.02.21

Бул демилгени Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасына караштуу Илимий-техникалык кеңештин президиумунун 17-февралда ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөн экинчи отурумунун катышуучулары билдиришти.

Жолугушуунун катышуучулары 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын, бүтүндөй Бирликтин экономикасын модернизациялоону камсыз кыла турган инновациялык долбоорлорду илимий жактан колдоо маселелерин, ошондой эле жаштарды жана жождорду бул ишке тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович баса белгилегендей, Комиссия илимий чөйрө менен өз ара аракеттенүүгө абдан чоң маани берет.

"Биз Коллегияда биздин кеңеш алдыңкы идеяларды жана кызматташтык долбоорлорун иштеп чыга алат деп үмүттөнөбүз. Биздин алдыбызда бардык мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирип, Бирликтин максималдуу түрдө өз алдынча камсыз болуусуна салым кошуу милдети турат. Бизнес-коомчулугун биргелешкен компанияларды түзүүгө, экспортту өбөлгөлөөгө жана импортту рационалдуу кыскартууга түрткү берүүчү механизмдерди колдонуу керек”, - деди Михаил Мясникович.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы евразиялык интеграциянын кандайдыр бир "бекемдөө борборлорун" түзүү үчүн илимди жана анын эл аралык деңгээлин колдонууну жана ЕАЭБди жагымдуу интеграциялык бирикме катары көрсөтүү менен евразиялык кызматташтык идеясын илим аркылуу популяризациялоону сунуш кылды.

"Биз чыныгы экономикалык инструмент боло ала турган, ЕАЭБ алкагында илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдин долбоорун иштеп чыгууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Ушул жылдын май айында ЖЕЭКтин отурумунда биринчи ыкмаларды талкуулоого болот”, - деп белгиледи Михаил Мясникович.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри, Илимий-техникалык кеңештин төрагасынын орун басары Сергей Глазьев Стратегия-2025 багыттары жөнүндө айтып берди, аларды жүзөгө ашырууда Комиссия илимий коомчулуктун жардамына өзгөчө муктаж. Атап айтканда, бул биргелешкен илимий-изилдөө иштерин өбөлгөлөө, экономикалык өнүгүүгө даректүү көмөк көрсөтүүнүн ийкемдүү механизмдерин иштеп чыгуу жана биргелешкен кызматташтык долбоорлорун башкаруунун натыйжалуу тутумун түзүү.

 

“Стратегия-2025 ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм жана спорт жаатындагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү камтыйт. Бул багытта сиздердин жигердүү колдооңуздарга ишенебиз”, - деп белгиледи Сергей Глазьев. 

ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри, ИТК президиумунун мүчөсү Артак Камалян академиялык мобилдүүлүк жаатында билим берүү платформасын түзүүнү сунуш кылды.

"Бул Бирликтин өлкөлөрүнөн келген студенттерге эң күчтүү адистикке ээ болгон алдыңкы ЖОЖдордо билим алуусуна мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле Бирликтин өзүн кеңири жайылтууга салым кошот. Академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүнүн инструменттеринин бири катары, тийиштүү Евразия фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу маанилүү деп эсептейм", - деп баса белгиледи Артак Камалян.

ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри, ИТК президиумунун мүчөсү Гегам Варданян ЕАЭБдин алкагында маалымат жүгүртүү маселесин чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

"Маалыматтарды жүгүртүү жөнүндө макулдашуу, ошондой эле жөнгө салуучу "кумдуктарды" пайдалануу интеграциялык бирикме үчүн өбөлгөлөрдүн бири болушу мүмкүн. ИТК чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстерден ашыкча ченемдик жүктөмдү алып салуу - бул санариптештирүүнү тездетүүнүн ачкычтарынын бири”, - деди Гегам Варданян.

Жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүндө илим чөйрөсүндө өз ара иштешүү боюнча сунуштарын билдиришти. Тактап айтканда, ЕАЭБде илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимди иштеп чыгуу демилгеси бир добуштан колдоого алынды.

 

"Биздин өлкөлөрдө буга чейин илимий-техникалык кызматташтыкты орнотуу аракеттери болуп келген, бирок бул эч кандай натыйжа берген жок, анткени илимий уюмдарды интеграциялоо механизми иштелип чыккан эмес. Жаңы шарттарда жана жаңы тыгыз форматта аны ишке ашырууга болот деп ишенебиз”, - деди Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев.

Беларуссиянын Улуттук Илимдер Академиясынын Президиумунун Төрагасынын орун басары Александр Кильчевский өз кезегинде, ЕАЭБдеги илимий-техникалык кызматташуу боюнча эл аралык келишимдин концепциясын иштеп чыгууга даяр экендигин билдирди.


Россиянын Илимдер академиясынын президенти Александр Сергеев ЕАЭБде илим жана техника жаатында биргелешкен кызматташтык долбоорлорун натыйжалуу башкаруу жана каржылоо тутумун кантип курууга токтолду. Казакстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Журинов Бирликтин бирдиктүү илимий мейкиндигин түзүү боюнча көз карашы менен бөлүштү. 

Маалымат

Илимий-техникалык кеңеш Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасынын буйругу менен 2020-жылдын 13-мартында түзүлгөн. ЕАЭБдин Илимий-техникалык өнүгүү комиссиясынын кеңеш берүүчү органы катары иштейт. Кеңештин президиумунан жана эксперттик топтон турат. Президиумдун курамына Комиссиянын Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) жана мамлекеттердин ар биринен экиден өкүл кирет: улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги жана билим берүү жана илим жаатындагы министрдин орун басарлары. Эксперттик топтун курамына мүчө мамлекеттерден эксперттер киришет жана алар бул орган үчүн техникалык экспертизанын керектүү деңгээлин камсыздашат.​