Sign In
ЕЭК жана КМШнын Аткаруу комитети 2021-жылы биргелешип иштөө пландарын талкуулашты

ЕЭК жана КМШнын Аткаруу комитети 2021-жылы биргелешип иштөө пландарын талкуулашты

17.02.21

Евразия экономикалык комиссиясы менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин өз ара аракеттенүү маселелерин ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана КМШ Аткаруу Комитетинин Төрагасынын орун басары Денис Трефилов талкуулашты. Жолугушуу 16-февралда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

Сергей Глазьев белгилегендей, КМШ мамлекеттери жана КМШнын Аткаруу комитети менен ар тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болуп саналат. 

«ЕЭК менен КМШнын Аткаруу комитетинин өз ара аракеттешүүсүнүн актуалдуулугу ЕАЭБ менен КМШнын экономикалык чөйрөдөгү күн тартиптери көп жерден дал келгендигин эске алуу менен, диалогдун практикалык маанилүүлүгү менен шартталат. ЕАЭБ менен КМШнын өнүгүү парадигмалары жалпысынан окшош, бул алардын экономикалык айкалышуусу жана интеграциясы үчүн мүмкүндүк берет”, - деди Сергей Глазьев.

Денис Трефилов, өз кезегинде, ЕЭК менен диалогдун конструктивдүү мүнөзүн белгилеп, биргелешкен иштин практикалык кызыкчылыктарын туудурган тармактарга көңүл бурууга үндөдү. Атап айтканда, ал ЕАЭБ укуктарын жана КМШнын ченемдик базасын айкалыштыруу маселелерине токтолду.

"Биз өзөктүү иштерге өтүп, кызматташтыкты конкреттүү иштер менен толуктап жатканыбыз кубандырат", - деди Денис Трефилов.

Тараптар ЕАЭБдин жана КМШнын алкагында иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун ортосундагы карама-каршылыктарды четтетүү жолдорун, ошондой эле илимий-техникалык чөйрөдөгү кызматташтыктын келечеги жана ишкер чөйрөнүн өз ара аракеттенүүнү туурасында талкуу жүргүзүштү.

Сергей Глазьевдин пикири боюнча, 2021-2022-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планын ишке ашыруу Бирликтин мүчөсү болуп саналбаган өлкөлөр менен ЕАЭБ өлкөлөрү жана Шериктештиктин мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын кеңейишине, ошондой эле постсоветтик мейкиндикте интеграциялык демилгелерди айкалыштырууга шарт түзөт.

 Маалымат

КМШнын Аткаруу комитети менен ЕЭКтин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү боюнча меморандумга 2018-жылдын 27-ноябрында кол коюлган. Анда бажылык жөнгө салуу, товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жана көзөмөлдөө, мамлекеттик сатып алуулар, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, санариптик экономика, салык саясаты жана тескөө-башкаруу, тышкы соода, атаандаштык саясаты жана монополияга каршы жөнгө салуу, ошондой эле санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар жаатындагы кызматташтык каралган.

Меморандумду жүзөгө ашыруу боюнча 2021-2022-жылдарга карата иш-чаралар планына 2021-жылдын 5-февралында Алматы шаарында кол коюлган. Планда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана иш-чараларды өткөрүү каралган. Ошондой эле, ЕАЭБдин укугун жана КМШнын ченемдик базасын ЕАЭБде жана КМШда иштелип чыгып жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун ортосундагы каршылыктарды жоюу жагында байланыштыруу боюнча мамилелерди иштеп чыгуу үчүн консультациялар пландаштырылган. Мындан сырткары, документте ЕАЭБдин жана КМШнын иштөө процесстерине жаштарды, коомдук бирикмелерди жана бизнес-коомдоштуктарды тартуу каралган.​