Sign In
ЕАЭБде табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иштер уланууда

ЕАЭБде табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иштер уланууда

17.02.21

Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин отурумунда Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте табигый монополиялар чөйрөсүндө "жол картасынын" экинчи этабын ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды аныктады. Бул иштин натыйжасында табигый монополияларды жөнгө салуу чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө багытталган макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгарылат.

Иш-чара 15-февралда ЕЭК Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмил Кайкиевдин төрагалыгы астында өттү.

«"Жол картасынын" экинчи этабында каралган иш-чараларга ылайык, жакынкы эки жылда биздин биргелешкен аракеттерибиз ЕЭКтин сунуштарын иштеп чыгууга, ошондой эле 2022-жылдын аягына чейин Жогорку кеңешке сунушталуучу, мүчө мамлекеттердин ченемдик укуктук актыларынын тизмесинин долбоорун даярдоого багытталууга тийиш», - деп белгиледи Эмил Кайкиев.

Консультативдик комитеттин отурумунун катышуучулары ошондой эле, 2020-жылы табигый монополия субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө маалыматтын долбоорун жактырышты. Документ жыл сайын Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кароосуна жөнөтүлөт.

Маалымат

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 20-тиркемесине ылайык, Евразия экономикалык комиссиясы мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте жыл сайын табигый монополиялар жаатында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды даярдайт.​