Аветис Оганесович Оганесян 1973-жылы 12-июнда Ереванда
туулган. 1995-жылы Армениянын Мамлекеттик инженердик университетин, андан кийин
магистратураны жана аспирантураны аяктаган.
1997-2001-жылдары Армения Республикасынын Финансы жана
экономика министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеген.
2001-2005-жылдары – Армения Республикасынын Соода жана
экономикалык өнүгүү министрлигинин ДСУ менен иштөөнү уюштуруу, ЕБ менен
өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууларды жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн
башчысы.
2005-2013-жылдары - Дүйнөлүк соода уюмунун Женевадагы
(Швейцария) штаб-квартирасында Армения Республикасынын туруктуу өкүлү.
2014-2018-жылдары - Еревандагы Арменияны Өнүктүрүү
фондусунун инвестициялар боюнча директору, программалык жана долбоордук топтун
жетекчиси.
2018-2021-жылдары - Армения Республикасынын
экономикалык өнүгүү жана инвестициялар министринин кеңешчиси.
2021-жылдын 15-февралынан тарта Евразия экономикалык
комиссиясынын соода саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп
дайындалды.