Sign In
ЕЭКте Евразиялык экономикалык бирликтеги макулдашылган өнөр жайлык саясат маселелери талкууланды.

ЕЭКте Евразиялык экономикалык бирликтеги макулдашылган өнөр жайлык саясат маселелери талкууланды.

15.02.16

11-февралда Өнөр жай боюнча консультативдик комитеттин отурумунда ЕЭК өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Сергей Сидорскийдин төрагалыгы астында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өнөр жайда кызматташуусун мындан ары кеңейтүү боюнча бир катар маселелер каралды. Отурумга ЕАЭБ министрликтеринин, мекемелеринин, эксперттик жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Комитеттин мүчөлөрү Евразия экономикалык бирлигиндеги өнөр жайда кызматташуунун негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча актыларды жана иш-чараларды иштеп чыгуу боюнча Пландын долбоорун жана машиналарды жана айыл чарбасы үчүн жабдууну чыгаруу чөйрөсүндө өнөр жайлык кызматташуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну караган Биримдик документтеринин долбоорлорун жактырышты.

Күн тартибинин дагы бир темасы Станок куруу боюнча Евразия инжиниринг борборун түзүү Концепциясынын долбоорун талкуулоо болду. Комитет алардын ишмердүүлүгүн каржылоо жаатында Евразиялык технологиялык платформаларды калыптанышы жана иштеши тууралуу жобонун долбоору боюнча Биримдик өлкөлөрүнүн сунуштарын карап чыкты.

Мындан тышкары, отурумдун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук валюталарында бааланган экспорттук кредиттер боюнча жол берилген минималдуу коюмдарды эсептөө усулунун долбоорун карап чыгышты. Усул мамлекеттик каржылык колдоосу бар экспорттук кредиттөөнү мамлекет аралык жөнгө салуунун дүйнөлүк тажрыйбасын ар тараптуу талдоого негизделген. Талкуунун жыйынтыктары боюнча иштеп чыгуучуларга документти аягына чыгаруу тапшырылды.

Кооперациялык кызматташууну андан ары өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана өнөр жайдагы кооперациялык долбоорлор үчүн каржы ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Евразия өнүктүрүү банкынын катышуусу менен интеграцилык потенциалы бар кооперациялык долбоорлорду кароо боюнча иштиктүү топ түзүү чечими кабыл алынды. ЕЭК Кеңешинин чечиминин тиешелүү долбоорун даярдоо тапшырмасы берилди.

Консультативдик комитеттин чечимдери ЕЭК өнөр жай блогунун жана Тараптардын өнөр жай боюнча министрликтеринин Биримдик өлкөлөрүнүн башчылары 2015-жылдын сентябрында бекитилген ЕАЭБ алкагында өнөр жай боюнча кызатташуунун негизги багыттарындагы койгон тапшырмаларын ишке кашыруу боюнча кезектеги кадамы болду.