Sign In
ЕЭК министри Татьяна Валовая: “Биз дүйнөгө жар салып жаткан эң башкы билдирүү - ЕАЭБ ишке ашты”

ЕЭК министри Татьяна Валовая: “Биз дүйнөгө жар салып жаткан эң башкы билдирүү - ЕАЭБ ишке ашты”

ANAT8539.JPG
16.10.17

Алдын ала баа берүүлөр боюнча 2017-жылдын жети айы ичинде Евразия экономикалык биримдигинин ИДӨсүнүн көбөйүүсү  1,8%. түзгөн. Биримдикке мүчө мамлекеттерин экономикасы - жогорулоодо, жана бул интеграциялык процесстердин өнүгүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү Татьяна Валовая Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Сочиде өткөн пресс - конференциясында билдирди.

ЕЭК министри белгилегендей, бул мезгил ичинде Биримдикке кошулгандарына бир эле болгон Армения жана Кыргызстан өлкөлөрүндө жогорку экономикалык көрсөткүчтөр белгиленүүдө.

“ЕАЭБ өлкөлөнүн президенттери учурда улуттук мамлекеттердин экономикаларын чыңдоо тенденциясы байкалууда деп билдиришти. Бизде бул жылы өз ара соодада  27-28% туруктуу  өсүш башталды, айрым өлкөлөрдө көрсөткүч жогору. Ошондой эле өз ара сооданын үлүшүнүн өсүш тенденциясы да сакталууда. Биз, ушундан улам Биримдикте интеграцияны өнүктүрүү үчүн алгылыктуу шарттар түзүлгөнүн көрүп турабыз. Ушуну менен бирге мамлекет башчылары интеграцияны мындан ары да өнүктүрүү, учурдагы тоскоолдуктарды алып салуу жана чектөөлөрдү жок кылуу боюнча иштерди тездетүү зарылчылыгын талкуулашты.

ЕАЭБнын 2017-жылдагы жетишкендиктерин көрсөтүү менен, ЕЭК КОллегиясынын мүчөсү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өсүшкө ык койгондугун жана макроэкономикалык туруктуулукту колдоону өзгөчө белгиледи. “Алгылыктуу экономикалык өсүш үчүн макроэкономикалык мыкты кам түздүк. Бул жылы дары каражаттарынын бирден бир рыногу иштей баштады,бардык зарыл чечимдер кабыл алынды, процесс башталды. Биз чоң натыйжаларды күтүүдөбүз, - деп билдирди ЕЭК министри. Бул экөө маанилүү системалуу документ.

Ушуну менен бирге эле Татьяна Валовая Армения менен Кыргызстандын өкмөттөрү жана бизнес коомчулуктары менен биргеликте бул мамлекеттердин Биримдиктеги алгачкы эки жылы тууралуу баяндама даярдоо боюнча ЕЭКте жасалган зор иштерге өзгөчө көңүл бурган. Отчетту ЖЕЭБдин кийинки отурумунда сунуштоо пландаштырылууда. Биринчи баа берүүлөр Армения менен Кыргызстандын ЕАЭБга мүчө болуудан алган экономикалык артыкчылыктары сыяктуу эле, алардын Биримдикке кошкон салымдарын да көрсөткөн

“Биз дүйнөгө жар салып жаткан башкы билдирүү- “ЕАЭБ ишке ашты” Бул жалпыга кеңири таанымал болуп калган аймактык интеграциялык бирикме, ал өз күн тартибин дүйнөлүк экономикалык аренада жигердүү ишке ашырууда. Биз ар кандай форматтарга, ЕАЭБ иш алып барып жаткан эң актуалдуу темаларга катышабыз. Биримдик дүйнөнүн бардык түзүмдөрү жана аймактары менен кызматташууга даяр”,-деп билдирди ЕЭК министри.

ЕЭАБтеги инвестициялык процесстердин темасына комментарий берүү менен Коллегия мүчөсү учурда инвестицияларды тартуунун турукташуусу белгиленип жаткандыгын билдирди. Мисалы, статистикалык маалыматтарга ылайык Арменияда жана Кыргызстанда үчүнчү өлкөлөрдөн алардын экономикасына инвестициялардын өсүшү боюнча олуттуу динамика түптөлдү.

Татьяна Валовая ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери Биримдиктин санарип күн тартибин 2025-жылга чейин ишке ашыруунун негизги багыттарын кабыл алышкандыгын белгилөө менен, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Сочиде өткөн отурумунун жыйынтыктары тууралуу билдирди «Биздин көз карашыбызда, санарип күн тартиби- ЕАЭБнын жаңы экономикалык чакырыктарга ыкчам көңүл буруусу жагында туура аракет. Көбүнчө, санарип соода жүргүзүү, снарип коридорлор, маалымат алмашуу чөйрөсү жана башка сыяктуу маселелерди чечүү тууралуу сөз жүрөт. Конкреттүү артыкчылыктуу долбоорлорду кароо жөнүндө макулдашууга жетишилген Биз мамлекеттерибиздеги ушулс анарип күн тартибин биринчиден,өз ара кызматташтыктан улам,натыйжалуу ишке аша тургандай, экинчиден, өз улуттук күн тартиптерибизди өнүктүрүү менен биз жаңы тоскоолдуктарды түзбөгүдөй кылууну каалайбыз. Президенттер бекитишкен санарип күн тартибинин алкагында санарип демилгелердин болушу болжолдонууда»,-деди ал.

ЕЭК министри дагы төмөнкүлөрдү белгилеп өттү, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев ЖЕЭКтин отурумунда 2018-жылы улуттук санарип күн тартиптерди сыяктуу эле,  ЕАЭБнын жалпы санарип күн тартибин талкуулоо үчүн санарип форум өткөрүүнү сунуш кылды.