Sign In
ЕЭК Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнаревдун “Россиялык газетага” берген интервьюсу “Товарларда “ЕАЭБте жасалган” маркировкасы пайда болот”

ЕЭК Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнаревдун “Россиялык газетага” берген интервьюсу “Товарларда “ЕАЭБте жасалган” маркировкасы пайда болот”

16.11.16

Евразия экономикалык биримдигинде өндүрүлгөн товарларда  “ЕАЭБте жасалган” жазуусу пайда болот. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) “евразия товарынын” критерийлерин аныктоого киришти.

Бул туурасында “Россиялык газетага” ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев айтып берди. Анын айтымында, “Россияда жасалган”, “Беларуста жасалган” же ЕАЭБтин дагы башка өлкөсүндө жасалган деген позициядан “Евразия экономикалык биримдигинде жасалган” деген позицияга өтүү - интеграциялык кызматташтыктын маанилүү этабы. Жаңы маркировкалоо 2017-жылы башталат.

Ал эми азыркы учурда биргелешип өндүрүлгөн продукцияны аткарууда технологиялык операцияларды “эсептөө” механизми иштелип чыгарылууда. Натыйжада ишканалар мамлекеттик сатып алууларда жана товарларды үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна чыгарууда преференцияларды ала алышат. Ал эми булар мамлекеттик колдоонун эки натыйжалуу инструменти, биримдиктин жүздөгөн ишканалары үчүн кооперацияга эң күчтүү стимул.

Россия тууралуу айта турган болсок, мындай жеңилдиктер үчүн критерийлер РФ өкмөтү тарабынан бекитилген, деп эскертти Кушнарев.  Ал критерийлерге ылайык келген россиялык өнөр жай товарлары мамлекеттик сатып алууларга артыкчылыктуу жеткилик алышкан. Мисалы, 2014-жылдын январынан тарта коргонуу тармагында, машина курууда, медициналык буюмдар, дарылар, программалык камсыздоо чөйрөлөрүндө импорттук продукцияны мамлекеттик сатып алуулар чектелген.

“Токтомдо кеп россиялык товарлар жөнүндө болгону менен, документ ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн продукциясына карата интеграциялык аспектилерди да камтыйт. Мисалы, машина куруу товарлары үчүн кыймылдаткычты Россияда өндүрүү боюнча талаптар бар, бирок альтернатива да каралган - Белоруссияда өндүрүлгөн кыймылдаткыч да россиялык деп эсептеле алат”, - дейт Кушнарев.

Анын айтымында, “евразия товары” түшүнүгүн киргизүү бир жагынан ЕАЭБ өнөр жайын колдоону жөнөкөйлөтөт, экинчи жагынан - жалпы рынокто өнөр жай товарларын алдыга жылдыруунун күчтүү инструменти болуп калат, үчүнчү жагынан - “ЕАЭБте жасалган” маркировкасы бар продукцияга талапты өбөлгөлөйт.

Бүгүнкү күндө мүчө мамлекеттердин ортосунда атаандаштык пайда болууда. Бул боло турган нерсе, өзгөчө курулуш материалдарынын өндүрүшү, фармацевтика, жеңил өнөр жайы, металлургия, автомобиль куруу, айыл чарба, темир жол техникаларын, тоо-кен жана мунайды кайра иштетүүчү өнөр жайы үчүн машиналардын жана жабдуулардын өндүрүшү сыяктуу чөйрөлөрдө.   Маселе атаандаштыкта эмес, улуттук өкмөттөр өз ишканаларын колдоонун ар кандай чараларын колдонгондугунда, ал эми бул аларды бири-бирине карата тең эмес абалга коет.  Ошондуктан ЕАЭБтеги номер биринчи тема субсидияларды берүүдө колдоонун шарттарын теңдөө, компаниялардын дискриминациясына алып келген же бирдиктүү рынокто туура атаандаштыктын бузулуусуна алып келген бир тараптуу чараларга жол бербөө болуп барат.

Буга байланыштуу ЕЭКте маселени чечүүнүн эки жолу талкууланууда, ага ылайык өнөр жай ишканаларына субсидияларды берүү боюнча ыйгарым укуктарды жарым-жартылай же толугу менен улуттуктун үстүндөгү деңгээлге, башкача айтканда, ЕЭКтин кароосуна жана көзөмөлүнө  өткөрүп берүү каралат.

Биринчи вариант жумшагыраак, ага ылайык, мүчө мамлекеттер өзгөчө керектүү товарлардын өндүрүшүнө субсидияларды берүү жагында өз алдынчалыкты сактап калышат. Алар субсидияларды ЕЭК менен ыктыярдуу негизде гана макулдашат. Негизинен, азыркы учурда биримдик өлкөлөрү дал ушул жол боюнча баратышат.  Тизмеси мүчө мамлекеттер тарабынан бекитилген “өтө керектүү” товарлардын арасында, - алдыңкы тармактардын продукциясы: автомобиль куруу, жеңил өнөр жайы, металлургия, айыл жана токой чарбачылыгы үчүн машиналардын жана жабдуулардын өндүрүшү, курулуш материалдарынын өнөр жайы.

“Экинчи вариант - “катуураак” - мүчө мамлекеттер пландаштырылган бардык субсидияларды жана өнөр жайын колдоонун башка чараларын Евразия комиссиясы менен милдеттүү түрдө макулдоосу. Бул татаалыраак, компромистүү экени түшүнүктүү, анткен менен бул эң прогрессивдүү вариант. Ыйгарым укуктар жана жоопкерчилик бул учурда толугу менен ЕЭКке, улуттуктун үстүндөгү деңгээлге өткөрүлүп берилет. Ошол эле учурда ЕАЭБте өнөр жай ишканалары жана мүчө мамлекеттердин продукциясы жөнүндө бирдиктүү маалымат системасы түзүлөт. Анын максаты - каржылык колдоону бир түрдүү колдонуу, ошону менен биргелешкен өндүрүш жана өндүрүш тизмектерин түзүү үчүн эң жакшы шарттарды түзүү.

Ал бул үчүн азыр бардыгы бар. ЕАЭБте абдан маанилүү стратегиялык документ - Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары кабыл алынган. Өнөр жай кооперациясынын жана субконтракциянын евразиялык тармагы, Станок куруу боюнча евразиялык инжиниринг борбору, Технологиялар трансферинин евразиялык тармагы иштей баштаган.