Sign In
ЕЭК менен Перу кызматташтык пландарын талкуулашты

ЕЭК менен Перу кызматташтык пландарын талкуулашты

16.10.20
Евразия экономикалык комиссиясы менен Перу Республикасынын ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын багыттарын жана форматын ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана Перунун Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуан Хенаро дель Кампо Родригес 14-октябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында талкуулашты.

Сергей Глазьев Евразия экономикалык бирлиги түзүлгөндөн бери Перу Республикасы ЕЭК менен диалогго өзгөчө кызыгуу менен мамиле кылып келе жаткандыгын белгиледи. Өлкө 2015-жылы меморандум түзүп, Комиссия менен кызматташууну биринчилерден болуп расмийлештирген.

“Биздин өлкөлөрдү бөлүп турган аралыкка карабастан, биз жумушчу топтун эки отурумун, Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын аянтчасында ЕАЭБ мамлекеттеринин ишкер чөйрөлөрү үчүн Перунун экспорттук потенциалынын презентациясын өткөрдүк. Күч-аракеттерибизди үчүнчү отурумдун күн тартибин түзүүгө багыттоону жана эпидемиологиялык оор кырдаалды эске алуу менен анын форматы жөнүндө ойлонууну сунуш кылам",деп белгилеген ЕЭК министри.

Перунун элчиси ЕАЭБ менен республиканын ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү маселелерине токтолуп, Бирликтин бардык мамлекеттери менен кызматташтыктын потенциалын ачуунун маанилүүлүгүн жана бул ишке бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн тартууну баса белгиледи.

Өз кезегинде Сергей Глазьев ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүүгө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин тастыктады жана перулук өнөктөштөргө Бирлик өлкөлөрүнө бизнес-миссияларын жөнөтүүнү сунуштады. Мындан тышкары, ал Перунун бизнес-коомчулугун 2020-жылдын декабрь айында Минск шаарында өтүүчү Евразия экономикалык форумуна катышууга чакырды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар ЕЭК менен Перу Республикасы мүчөсү болгон Латын Америкасынын интеграциялык бирикмелери, атап айтканда Анд коомдоштугу, Тынч океан альянсы жана Латын Америкасынын интеграциялык тутуму менен диалогду өнүктүрүүнү жакташты.​