Sign In
16-октябрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отуруму болуп өттү, анын ишине Армениянын Президенти Серж Саргсян, Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев

16-октябрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отуруму болуп өттү, анын ишине Армениянын Президенти Серж Саргсян, Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев

16.10.15

16-октябрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отуруму болуп өттү, анын ишине Армениянын Президенти Серж Саргсян, Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Россиянын Президенти Владимир Путин катышышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкө башчылары Биримдиктин эң актуалдуу көйгөйлөрүн жана өнүгүү перспективаларын талкуулашты.

Мамлекет башчылары Евразия экономикалык комиссиясынын кийинки мерчемде иштешине байланыштуу бир катар маселелерди карап чыгышты. Анын ичинде, Комиссиянын коллегиясынын жаңы курамына ар бир өлкөдөн 2ден өкүл кирет деген чечим кабыл алынды. Башкача айтканда, Төраганы кошуп баары болуп 10 Коллегия Мүчөсү – Министр болот. Жогорку кеңештин чечимине ылайык ЕЭК Коллегиясынын кийинки Төрагасы Тигран Саркисян болот. Азыркы учурда ал Армения Республикасынын АКШдагы Ыйгарымдуу жана Атайын Элчиси болуп саналат. Буга чейин Тигран Саркисян Армениянын Премьер-Министри болуп иштечү. Ал, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенконун айтымында, «евразиялык интеграцияга абдан көп убакыт бөлүп, Армениянын ЕАЭБге кошулушунун өзөктүү локомотиви болгон киши». Тигран Саркисян эмдиги жылдын 1-февралынан тарта Комиссиянын ишин жетектейт.

Мамлекет башчылары Евразия экономикалык биримдигинин жана Жибек жолунун Экономикалык алкагынын (ЖЖЭА) чырмалышы боюнча Биримдиктин өлкөлөрүнүн иштешишин талкуулашты. Кытай ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өзөктүү экономикалык өнөктөрүнүн бири болгон жана ошо бойдон калууда. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Биримдик менен КЭР ортосундагы товар жүгүртүү 110 млрд. АКШ долларынын тегерегинде болду. США.

2013-жылы Кытай долбоорго катышкан өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташуусун эриш-аркак келтирип, инфраструктуралык инвестицияларды стимулдоого арналган глобалдык долбоор болгон Жибек жолунун Экономикалык алкагын түзүү демилгесин көтөрүп чыккан.

Кытайдын демилгесин жана Кытай менен соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү максаты менен ЖЕЭК ушул жылдын май айында КНР менен ЕАЭБ ортосунда соода-экономикалык кызматташуу тууралуу макулдашуу түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы тууралуу чечим кабыл алган. Даярдык иштери эмитеден болуп жатат. Расмий сүйлөшүүлөр 2016-жылдын башында башталышы мүмкүн. Бул азырынча артыкчылыктуу макулдашуу эмес, мамилелердин бүткүл түзүлүшүн иретке келтирип, мындан ары жылуу үчүн база түзүүчү экономикалык кызматташуунун маанилүү баскычы.

Макулдашуу Биримдик менен КЭРдин ортосундагы орто мөөнөттүү экономикалык иштешүүнүн негизги куралы болуп, ЕАЭБ менен ЖЖЭАнын чырмалышуусунун экономикалык ченемин калыптандырышы керек.

ЕАЭБ менен Жибек жолунун Экономикалык алкагынын чырмалышы боюнча Биримдик өлкөлөрүнүн иштешүүсүн координациялоо үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары тиешелүү чечим кабыл алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Тараптар Евразия экономикалык биримдигинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын үчүнчү өлкөлөр менен иштешүү тартибин аныктаган бир катар документтерге кол коюшту. Анын ичинде, ЖЕЭК катышуучулары Евразия экономикалык биримдигинин 2015-2016-жылдардагы эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын жана ЕАЭБ негизги өнөктөрү менен орто мөөнөттүк перспективага соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүгө мамилелерин жактырышты.

Отурумдун жүрүшүндө Израил Мамлекети менен эркин соода аймагы тууралуу макулдашуу түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн баштоо керектиги чечилди. Бул сунуш биргелешкен изилдөө тобунун баяндамасынын натыйжалары боюнча кабыл алынды.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы белгилеп өткөндөй, Казакстандын ДСУга кошулушуна байланыштуу мамлекет башчылары бул чечимдерди Биримдиктин ченемдерине киргизүүнү камсыз кылуучу документтер топтомун кабыл алышты. Виктор Христенко белгиледи: «Алар бир четинен Казакстан ДСУга киргенде өзүнө алган милдеттенмелерди Казакстандын базарына жайылтууга мүмкүндүк берет. Экинчи жагынан бул тарифтердеги айырма Биримдиктин башка өлкөлөрүнө эч кандай зыян алып келбеши үчүн администрлөө тутумун курууга мүмкүндүк берет». Кеңештин чечимдери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн парламенттеринде ратификация жол-жоболору аяктаган соң күчүнө кирет. Бул процесс толугу менен 2015-жылдын 15-декабрына чейин улуттук парламенттерде аякташы керек. 

Мүчө мамлекеттердин экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуу үчүн интеграциялык чараларды иштеп чыгуу жана улуттук саясаттарды координациялоо максатында Биримдиктин экономикалык өнүгүшүнүн 2030-жылга чейинки негизги багыттары бекитилди. 
«Дүйнөлүк экономикада азыр болуп жаткан турбуленттүүлүк менен аныксыздыктын шартында да бул документте экономикалык саясаттарды координациялоонун негизги багыттарын бекемдөө абдан маанилүү жана өз ордундагыдай сезилет. Иш жүзүндө бул документ бирдиктүү аянтчада улуттук экономикалык стратегияларды куруу мүмкүндүгүн бекемдейт, бул биринчи кезекте өлкөлөрүбүздүн өнүгүшүнүн алдын ала айтууга болорун жана туруктуулугун көбүрөөк деңгээлде камсыз кылуу үчүн валюталык саясатта, макроэкономикалык саясатта, каржы базарларындагы саясаттагы позицияларды тегиздөө, иштешүүнү камсыз кылат», – деп түшүндүрдү Виктор Христенко.

Биримдиктин өлкөлөрүнүн башчылары ЕАЭБ алкагында либералдаштыруу пландарына ылайык ишке ашырылуучу бирдиктүү кызматтар базарын калыптандыруу кызматтарынын тизмесин бекитишти. ЖЕЭК чечимине ылайык ЕЭК менен бирдикте Биримдиктин өлкөлөрүнүн Өкмөттөрү 2016-жылдын 1-апрелинен тарта тизмеде көрсөтүлгөн секторлордо (подсекторлордо) бирдиктүү кызматтар базарын калыптандыруу мөөнөттөрүн (өткөөл мезгил) так көрсөтүү менен либералдаштыруу пландарын даярдоо тапшырылды. ЕЭК бул пландарды ЖЕЭК карап чыгышы үчүн 2016-жылдын 1-июлуна чейин бериши керек. ЕЭК Кеңеши бул чечимди ишке ашыруу максатында тизмеде көрсөтүлгөн секторлордо (подсекторлордо) жумушчу топторду түзүшү керек.

Ошондой эле мамлекет башчылары ЖЕЭК 2014-жылдын 23-декабрындагы № 112 «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия Федерациясы үчүн кошумча талаптардын, чектөөлөрдүн, алып салуулардын жана шарттардын өзүнчө улуттук тизмелерин бекитүү тууралуу» чечимине өзгөртүү киргизүүнү чечишти. Өзгөртүүлөр Кыргызстандын ЕАЭБ алкагында кошумча талаптардын, чектөөлөрдүн, алып салуулардын жана шарттардын өзүнчө улуттук тизмесин түзүүгө байланыштуу зарыл. Алар Кыргыз Республикасын интеграциялык долбоорго кошуунун алкагында Келишимди ишке ашырууну алкагында иштелип чыккан.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда кабыл алынган чечимге ылайык Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү базарынын 43 секторуна биригет.

Тараптар ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин органдарында Тышкы аудит тууралуу жобону кабыл алышты.

Мындан тышкары, ЖЕЭК отурумунда жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жана Биримдикте мүчөлүгүн токтотуу тартиби кабыл алынды.