Sign In
ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын 2017-жылга чейинки негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды бекитти.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын 2017-жылга чейинки негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды бекитти.

16.10.15

14-октябрда Астанада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отуруму болду. Иш-чарага ЕЭК Кеңешинин Мүчөлөрү катышышты: Армения Республикасынын эл аралык экономикалык интеграция жана реформалар министри, Вице-Премьер-министр Ваче Габриелян, Беларус Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев, Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия Мүчөлөрү (Министрлер).

ЕЭК Кеңеши макроэкономика, соода, экономика жана каржы саясаты, өнөр жай, техникалык жөнгө салуу, энергетика жана инфраструктура, атаандаштык жана монополияга каржы жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү бир катар маанилүү маселелерди карап чыкты.

Атап айтканда, отурумда Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулушу тууралуу маселе каралды. Буга байланыштуу Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев мындай деди: «ДСУга кошулуп жатып биз белгилүү бир милдеттенмелерди алганбыз. Бирок биздин ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрүбүздүн алдында да милдеттенмелерибиз бар, алар 3500 товардык позиция боюнча бир топ арзан ташып кирүү алымдарына байланышкан. Ошондуктан азыр мамлекет башчылары биздин бул милдеттенмелерибизди Биримдиктин Келишиминин укуктук базасына имплементациялоо боюнча чечимдерди кабыл алууга тапшырма бериши тууралуу маселе турат». Бакытжан Сагинтаевдин айтымында, бул маселени ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү кыйла узак убакыт талкуулашкан. Натыйжада интеграциялык бирикме боюнча өнөктөрдүн ортосунда Казакстанга төмөндөтүлгөн ташып кирүү алымдары боюнча ташып кирилген товарлар, Биримдиктин жалпы рыногуна кирээрде, тиешелүү айырмасын кошуп төлөмөйүнчө кирбеши керек деген жалпы түшүнүү келип чыкты.

Комиссиянын кеңеши Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын (ЕАЭБ) 2015–2016 жылдарга негизги ориентирлерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тизмесин бекитти. ЕЭК интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая белгилегендей, бул чөйрөгө өзгөчө көп көңүл буруу Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндөгү цикл түрүндө айланып келген каатчылыкка жана дүйнөлүк рыноктордогу глобалдык процесстерден келип чыккан татаал макроэкономикалык кырдаалга байланышкан.«Үстүбүздөгү жылдын башынан бери, – дейт ЕЭК Министри, – өлкөлөрүбүздүн Өкмөт башчыларынын жана Президенттеринин тапшыруусу боюнча бул чыйырда биз чоң иш жасап жатабыз. Маанилүү чечимдердин бири - Президенттердин деңгээлинде макроэкономикалык саясаттын негизги ориентирлерин бекитүү болду. 16-октябрда Бурабайда Президенттер Биримдигибиздин 2030-жылга чейин экономикалык өнүгүшүнүн негизги багыттары тууралуу документти бекитишет деген үмүттөбүз».

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү, бул документтер өзүнүн маңызы боюнча жакынкы убакта биримдиктин экономикасы таянып өнүгө турган база экендигин белгилешти. Алар, ошондой эле, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соодасынын көлөмдөрүнүн өсүшүнө, ири улуттук жана интеграциялык инвестдолбоорлордун камсыздалышын тескөөгө өбөлгө болушат.

ЕЭК Кеңеши 2016-жылы кабыл алынат деп пландалып жаткан ЕАЭБдин Бажы кодексинин долбоорун иштеп чыгууну аягына чыгаруу маселелерин карап чыкты.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык биримдигининде 2016-жылдын 1-январынан тарта дары-дармек жана медициналык буюмдардын жалпы рынокторунун иштей башташы үчүн зарыл болгон 40 чамалуу документти иштеп чыгуу кандай жүрүп жатканын талкуулады. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө жана Евразия экономикалык комиссиясына бул жааттагы ишти ылдамдатуу сунушталды.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ химиялык техникалык регламенттерин кабыл алуу тууралуу меселени карап чыкты. Казакстан Өкмөтү бирликтин «Лак-боёк материалдарынын коопсуздугу тууралуу» жана «Синтетикалык тазалоо каражаттарынын жана турмуш-тиричилик химиясынын товарларынын коопсуздугу тууралуу» техрегламенттерин иштеп чыгууга жооптуу. Россиянын Өкмөтү болсо ЕАЭБ «Химиялык өндүрүмдүн коопсуздугу тууралуу» техрегламентти иштеп чыгууда. ЕЭК Кеңешинин Тескемесинде Биримдиктин башка өлкөлөрүнүн Өкмөттөрү менен Комиссиянын ортосунда аталган документтердин долбоорлору боюнча активдүү консультацияларды өткөрүү каралган. Консультациялардын натыйжалары боюнча Тараптар аталган документтердин долбоорлорунун макулдашылган редакциясын даярдоону камсыз кылып, эки айлык мөөнөт ичинде ЕЭКке көрсөтүшү керек.     

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңеши, ЕЭК Коллегиясы Коллегиянын же ЕЭК Кеңешинин деңгээлинде чечим кабыл алардын алдында, Техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитеттин алкагында консультацияларды өткөрүүгө милдеттүү болгон маселелердин тизмесин бекитти. Тизмеде – 50 позиция. Анын ичинде ага карата ЕАЭБ алкагында милдеттүү талаптар коюлган өндүрүмдүн бирдиктүү тизмесин, аны түзүү жана алып баруу тартибин; Биримдиктин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу жана кабыл алуунун, аларга өзгөртүү киргизүүнүн жана аларды алып салуунун тартибин; Биримдиктин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планын жана аларга өзгөртүү киргизүүнү; мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл милдеттүү болгон өндүрүмгө Бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарды ж.у.с. бекитүү боюнча позициялар.

ЕЭК Кеңеши Кыргызстан ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун 43 секторуна кошула турган чечим кабыл алды. Кыргызстан ЕАЭБдин тейлөө рыногунун иштешинин бирдиктүү эрежелерине кошулушу, Биримдиктин өлкөлөрүнүн бизнес тутумдарынын бирдиктүү евразиялык тейлөө рыногунда атаандаштыктын өсүшүнүн негизинде бул өлкөнүн атуулдары үчүн тейлөөлөрдүн наркы арзандашы мүмкүн дегенди билдирет.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында, анын ичинде Кыргызстанда, бирдиктүү тейлөө рыногунун иштешинин алкагында тейлөөлөрдүн эркин ташылуусун камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлгөн. Тейлөө тармагындагы бизнести диверсификациялоо жана ЕАЭБ боюнча өнөк өлкөлөрдүн аймагында бизнестин жаңы түрлөрүн түзүү, ички акча агымдарын багыттоонун эсебинен Биримдиктин өлкөлөрүнүн экономикаларына кошумча инвестицияларды тартууга өбөлгө болот.

Ошондой эле ЕЭК Кеңешинин отурумунда Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Армения Республикасы, Беларус Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы үчүн жекече улуттук чектөөлөрдүн, алып коюулардын, кошумча талаптардын жана шарттардын тизмелерин бекитүү тууралуу» чечимине өзгөртүү киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды. Өзгөртүүлөр Кыргызстан үчүн ЕАЭБ алкагында жекече улуттук чектөөлөрдүн, алып коюулардын, кошумча талаптардын жана шарттардын тизмесин түзүүгө байланыштуу зарыл. Алар Кыргыз Республикасынын интеграциялык долбоорго кошулушу боюнча Келишимди ишке ашыруу максатында иштелип чыккан болучу.

ЕЭК Кеңеши, мамлекеттер аралык энергоресурстарды жеткирүүнү оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан ЕАЭБ алкагында газ, мунай жана мунайзаттарынын индикативдик (прогноздук) баланстарын түзүү методологиясы тууралуу макулдашууну жактырды. Документ бирдиктүү энергетикалык потенциалды мурдагыдан үзүрлүү урунууга жол берет. Методологияда бирдиктүү терминология, энергоресурстардын баланстарынын структурасы, аларды калыптандыруунун негизги ыкмалары жана механизмдери, теңдемдердин айрым беренелерин түзүүнүн өзгөчөлүктөрү, ошондой эле аларды иштеп чыгуу жана тууралоо тартиби аныкталган. ЕЭК энергетика жана инфраструктура боюнча министри Таир Мансуров, документ ага кол койгонго зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу үчүн ЕАЭБ мүчө мамлекеттерине багытталарын билдирди.