Sign In
ЕЭК чек ара аралык интернет-сооданын потенциалдуу операторлору менен өзүнчө жолугушуу өткөрмөкчү

ЕЭК чек ара аралык интернет-сооданын потенциалдуу операторлору менен өзүнчө жолугушуу өткөрмөкчү

16.09.20

Чек ара аралык электрондук соода боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун экинчи отуруму болуп өттү. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрү "электрондук соода операторлорунун" институтун түзүү жана өнүктүрүү маселелерин, бонддук кампалардын ишмердиги проблематикасын, ошондой эле чек ара аралык электрондук сооданын алкагында техникалык жөнгө салуу чараларын колдонууну талкуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар жаңы рынокту тутумдук жөнгө салууну түзүүгө өздөрүнүн принципиалдуу макулдугун билдиришти. Талкуунун жыйынтыктары боюнча Бирликтин өлкөлөрүндө иштеген компаниялардын ичинен чек ара аралык интернет-сооданын потенциалдуу операторлору менен өзүнчө жолугушууну өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.


"Комиссия биз бүгүнкү күндө керектөөчүлөр үчүн жеткирүүнүн ылдамдыгы жана товарларды жол-жоболоштуруунун жөнөкөйлүүлүгү боюнча ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында карап чыгып жаткан маселелерге бизнестин мүмкүн болушунча кеңири катышуусуна кызыкдар", – деди жумушчу топтун жетекчиси, ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнёв.