Sign In
«Евразия жумалыгынын» уюштуруучу комитети иш чаранын программасынын негизги темаларын белгиледи

«Евразия жумалыгынын» уюштуруучу комитети иш чаранын программасынын негизги темаларын белгиледи

Screenshot-13.png
16.07.19
«Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун расмий сайтында ишкердик программанын архитектурасы жарыяланды. Форум 2019-жылдын 25-27-сентябрда Кыргызстандын Бишкек шаарында өткөрүлөт жана 2 000 ашуун катышуучуларды – Евразия экономикалык бирлигинен (ЕАЭБ) жана Бирликтин өнөктөш өлкөлөрүнөн бийлик органдарынын жана бизнестин өкүлдөрүн, өнүктүрүү институттарынын адистерин, каржылык жөнгө салгычтарды, эксперттерди чогултат.
«Форумдун программасы өтө бай жана бийлик органдары, бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү үчүн да, жаштар үчүн да кызыктуу. «Евразия жумалыгынын» катышуучулары ишмердиктин ар кайсы тармактарындагы биргелешкен программаларды түзүү маселелерин, ЕАЭБдин аймагындагы бирдиктүү рыноктордун андан ары калыптануу стратегияларын, ошондой эле Бирликтин компанияларынын ортосундагы өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнү талкуулашат», – деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков айтып берди.
«Бул жылы «Евразия жумалыгын» өткөрүү сыймыгы Кыргыз Республикасына туш келгендигине абдан кубанычтамын, анткени, Форумда катышкан үчүнчү өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен кандайдыр бир байланыштыруучу звено болуу менен, Кыргызстандын ЕАЭБ үчүн ролу маанилүү. Кабыл алуучу тарап иш чараны уюштурууда жана өткөрүүдө мүмкүн болушунча жардам берет деп ишенем, бул Форумдун жана Бирликтин эл аралык аренадагы статусун дагы бир жолу бекемдейт», ¬– деп кошумчалады ал.
«Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык форумунун ишкердик программасынын иш чаралары үч негизги багыт боюнча өткөрүлөт – стратегиялык, тармактык (өнөктөштүк) жана жаштар багыты. «ЕАЭБ глобалдык экономикада: чакырыктар жана перспективалар» пленардык отуруму Форумдун алкагындагы негизги иш чара болмокчу.
Стратегиялык трек ишкерлердин улуттук жана улуттан жогорку деңгээлдеги жөнгө салгычтар менен тике диалогу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Аталган тректин алкагында ЕАЭБдин жалпы энергетикалык ресурстар рыногуна, Бирликтин глобалдык рынокко интеграцияланышына, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай жана агро өнөр жай комплексиндеги биргелешкен программаларына жана долбоорлоруна, ошондой эле Бирликтин логистика жана бажы инфраструктурасына арналган панелдик талкуулар болуп өтөт.

Тармактык тректин максаты – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн биргелешип иштөөгө потенциалдуу кызыкчылыгы бар ишканаларынын өз ара аракеттенүүсүн стимулдаштыруу. Ага айыл чарба продукциясынын кичи жана орто өндүрүүчүлөрү үчүн сатып алуу сессиялары, ЕАЭБдин тоо-кен казуу өнөр жайы тармагындагы байланыштар биржасы, ошондой эле IT-технологиялар тармагындагы инфраструктуралык долбоорлор боюнча инвестшоу кирет.

Жаштар трегинин алкагында ЕАЭБдин Жаш лидерлер мектеби, ЕАЭБдин ЖОЖдорунун Евразия тематикасы боюнча билим берүү программаларынын презентациялары, Бирликтин ЖОЖдорунун сессия-презентациясы, ЕАЭБдин жаш лидерлери үчүн бизнес-оюн, ошондой эле алардын ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушуусу өткөрүлөт.

II Кыргыз-Россия Бизнес-форуму «Евразия жумалыгынын» аянтчасындагы өзүнчө иш чара болот. Ал айыл чарба жана логистика, текстиль өнөр жайы, машина куруу, туризм инфраструктурасы тармактарында Россиялык жана Кыргызстандык компаниялардын ортосундагы тыгызыраак өз ара аракеттенүүлөрдү орнотууга багытталган.
«Евразия жумалыгынын» күтүлгөн тармактык окуяларынын бири – «Евразия санариптик платформалары» инновациялык долбоорлор конкурсунун финалы жана анын жеңүүчүлөрүн сыйлоо.

«Евразия жумалыгы» форумунда катышуу акысыз. Ага каттоо расмий сайтта жүргүзүлөт www.eurasianweek.com.
Маалымат
«Евразия жумалыгы» форуму – ЕАЭБ өлкөлөрү жана ЕЭК тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү иш чара. Форумду өткөрүү демилгеси 2015-жылдын май айында Бирликтин мүчө мамлекеттеринин беш премьер-министринин чечими менен бекитилген. Иш чара ишкердик жана көргөзмө бөлүктөн турат, B2B- жана B2G-байланыштарды орнотууга өбөлгө түзөт.
2018-жылы «Евразия жумалыгы» Армения Республикасынын борбор шаары Ереванда өткөрүлгөн жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин, Сингапурдун, Европа бирлигинин, Түштүк Кореянын, Чилинин, Вьетнамдын, Египеттин, Ирандын жана башка өлкөлөрдүн бизнесинин, мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана эксперттик коомдоштуктарынын өкүлдөрүнөн турган 3 000 ашуун катышуучуларды бириктирген.