Sign In
ЕЭК Министри Татьяна Валовая: «Евразия экономикалык комиссиясына Дүйнөлүк банк менен ЕАЭБ өлкөлөрүндө экономикалык процесстерди изилдөө жагында кызматташууну арттыруусу зарыл»

ЕЭК Министри Татьяна Валовая: «Евразия экономикалык комиссиясына Дүйнөлүк банк менен ЕАЭБ өлкөлөрүндө экономикалык процесстерди изилдөө жагында кызматташууну арттыруусу зарыл»

16.06.15

15-июнда Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Татьяна Валоваянын жетекчилиги астында Дүйнөлүк банктын аналитикалык изилдөөсүн талкуулоо болуп өттү, ал өлкөнүн ДСУга мүчөлүгү контекстинде  Россиянын соода саясатына жана Евразия экономикалык бирлигин (ЕАЭБ) түзүүгө багытталган.

Изилдөө менен Россия боюнча башкы экономист, Дүйнөлүк банктын Европанын жана Борбордук Азиянын аймактарынын экономикалык саясаты боюнча ишинин координатору Биржит Ханзль тааныштырды.

 Дүйнөлүк банк Россия Федерациясынын соода саясаты боюнча маселелерин төмөнкү аспектилерди изилдөө аркылуу карап чыгат:

 - улуттук экспорттун атаандашууга жөндөмдүүлүгү жана аймактар боюнча тике чет өлкө инвестицияларын изилдөө, мында алынган натыйжалар БРИКС башка өлкөлөрү менен салыштырылат;

 - кызматтар чөйрөсү жана үчүнчү өлкөлөр менен соода мамилелерин өнүктүрүү контекстинде алардын атаандаштыгын жогорулатуу көйгөйлөрү;

 - тарифтик саясат жана тарифтик эмес саясат, мында өлкөнүн ДСУга мүчөлүгү жана ЕАЭБнын иши эске алынат.

«Евразия экономикалык комиссиясына Дүйнөлүк банк менен ЕАЭБ өлкөлөрүндө болуп жаткан экономикалык процесстерди изилдөө жагында кызматташууну арттыруу зарыл», -деп билдирди Татьяна Валовая.  ЕЭК Министри Дүйнөлүк банк тарабынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бардыгы үчүн бөлүнгөн аспектилерди  камтыган, биргелешкен аналитикалык жүзөгө ашырууну сунуш кылды. Тараптар ЕЭКтин  жана Дүйнөлүк банктын эксперттеринин кеңири курамында, ушул тематикага арналган өзүнчө иш-чара өткөрүүнү макулдашышты.