Sign In
Михаил Мясникович: "Экономикалык өсүш үчүн ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирин толуктап жана колдоп, ишенимди жана кызматташтыкты чыңдашы керек"

Михаил Мясникович: "Экономикалык өсүш үчүн ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирин толуктап жана колдоп, ишенимди жана кызматташтыкты чыңдашы керек"

1.jpg
16.04.21

Интеграциялык процесстерди күчөтүү аркылуу, орто мөөнөттүү келечекте глобалдык экономиканын шартында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин алдыңкы өнүгүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максаттарына кантип жетишүүгө болору жөнүндө 15-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор, Беларусь Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Михаил Мясникович Улуттук изилдөө университетинин "Жогорку экономика мектебинде" студенттер, аспиранттар жана илимий жана академиялык коомчулук үчүн лекциянын жүрүшүндө айтып берди. Иш-чара экономикалык жана коомдук өнүгүү көйгөйлөрү боюнча XXII Апрель эл аралык илимий конференциясынын алкагында өттү. 

Өткөн 2020-жыл дүйнөлүк өнүгүүнүн логикасына олуттуу түзөтүүлөрдү киргизди. Өткөн жылдагы дүйнөлүк экономикалык каатчылык технологиялык жана дүйнөлүк чарбалык салттардын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан. Пандемия болгону терс процесстерди тездетти. Алар 2014–2019-жылдардагы узак мөөнөттүү стагнацияга, стратегиялык чечимдерди узак мөөнөткө жылдырууга жана энергетика рынокторундагы жагымсыз шарттарга негизделген. ЭВФтин эсептөөлөрү боюнча, 2020-жылы дүйнөлүк ИДӨнүн төмөндөшү 3,5% чегинде.

Пандемия жана каатчылык дагы бир катар көйгөйлөрдү күчөттү: протекционизмдин өсүшү жана көп тараптуу соода тутумунун каатчылыгы, узак мөөнөттүү милдеттенмелерден бир тараптуу баш тартуу, дүйнөнүн алдыңкы экономикалары кооперациялык күн тартибинен обочолонгон өнүгүүгө өтүүнү каалоосу.

"Жогоруда айтылгандардын бардыгы - артка кетүү деп эсептейм", - деп баса белгиледи Михаил Мясникович. - Учурдагы кырдаалда өнүгүүнүн натыйжалуу жолдорунун бири болуп регионалдык интеграцияны тереңдетүү жана анын негизинде эл аралык экономикалык мамилелердин жаңыланган тигишсиз архитектурасын түзүү саналат.

ЕАЭБ түзүлгөндөн тара алты жыл аралыгында өзүнүн өнүгүүсүндө олуттуу баскычтан өтүп, Бирлик өлкөлөрүнүн экономикалык моделинин ажырагыс элементи катары чыгып, дүйнөлүк экономиканын архитектурасынын бөлүгүнө айланды. ЕАЭБтин ИДӨ көлөмү биринчи беш жылда 21%га көбөйүп, 2019-жылдын аягында дээрлик 2 триллион долларга жетти. Ушул эле мезгилде ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 13,2%га, анын ичинде иштетүү өнөр жайы боюнча дээрлик 15%га өстү. Бул көрсөткүчтөр, мисалы, ЕБ өлкөлөрүнө караганда жогору, анда өнөр жай өндүрүшү 5,4%га, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайы - 6,1%га өскөн. ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 27,7% га өстү. Дүйнөлүк банктын жылдык "Бизнес жүргүзүү – 2020" (Doing business) рейтингинде ЕАЭБ 190 экономиканын ичинен 29-орунду ээлеп, өткөн жылга салыштырмалуу 12 позицияга жогорулаган, ал эми Казакстан жана Россия тиешелүүлүгүнө 13 жана 16 пунктка жакшыртышкан.

Бүгүнкү күндө ЕАЭБде товарлар рыногу иштеп жатат, кызмат көрсөтүү рыногун калыптандырууда олуттуу ийгиликтерге жетишилди (ал 53 сектордо иштейт), бирдиктүү Бажы кодекси кабыл алынды, жумушчулардын жүрүү эркиндиги жана социалдык кепилдиктери камсыздалды (мисалы, Пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишим 2021-жылдын январында күчүнө кирген). 49 бирдиктүү техникалык регламенттер кабыл алынды, 12 000ден ашуун эл аралык стандарттар колдонууда, буга байланыштуу товарлардын 85%га жакыны бирдиктүү техникалык стандарттарга ылайык сертификатталды.

Михаил Мясниковичтин айтымында, 2021-жылдын башталышы жакшы көрүнөт. COVID-19 пандемиясынын Бирлик өлкөлөрүнүн экономикасына тийгизген терс таасири акырындык менен азайып бара жатат: мисалы, Беларуста 2021-жылдын январь-февраль айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 8,3%га өскөн, Бирлик мамлекеттеринин өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2021-жылдын январь айында - 3,3%га жогорулаган. Эл аралык уюмдардын божомолуна ылайык, 2021-жылы глобалдык экономиканын циклдик калыбына келиши күтүлүүдө. Мисалы, Россия Федерациясынын ИДӨсүнүн өсүү темпи болжол менен 3,0%, ал эми 2022-жылы - 3,9% чейин болушу мүмкүн.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бирлик деңгээлинде коронавирус каатчылыгын минималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан координацияланган иш-чаралар жөнүндө айтып берди.

«Бул вирустун жайылуу ылдамдыгын чектеп, биз ресурстарды, дары-дармектерди жана медициналык шаймандарды башкарууну камсыз кылдык жана каатчылыктан кийинки натыйжалуу калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүүгө умтулдук. Россия Федерациясы тарабынан коронавируска каршы жогорку натыйжалуу вакциналарды өз убагында иштеп чыгуусу, аларды жеткирүүнү уюштуруу жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүштү локалдаштыруу чоң мааниге ээ болду, бул миллиондогон адамдардын кызыкчылыгындагы интеграциялык кызматташтыктын позитивдүү үлгүсү боло алат", - деп эсептейт Михаил Мясникович.

Интеграцияны өнүктүрүү жана Бирликтин максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон векторлорду, негизги чараларды жана жаңы механизмдерди аныктоо милдети, 2020-жылдын декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан бекитилген 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында белгиленген. Стратегия-2025 2014-жылы түзүлгөн Бирлик жөнүндө келишимдин учурдагы потенциалын ачат жана ЕАЭБ үчүн интеграциянын жаңы чөйрөлөрүн өнүктүрөт.

"Бизде экономикалык бирлик болгонубузга карабастан, Стратегияга билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, спорт ж.б. тармактар киргизилди. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында биз ишке ашырып жаткан процесстерге белгилүү бир социалдык лоялдуулук болушу керек деп эсептейбиз”, - деп баса белгиледи Комиссиянын Коллегиясынын башчысы. Жакында Комиссиянын Кеңеши Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын деталдуу планын бекитти.

Михаил Мясниковичтин пикири боюнча, коронавирус каатчылыгынан кийин товардык рыноктордогу чоң атаандаштыктан улам, ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирин толуктап, колдоп, кызматташууну чыңдашы керек.

"Биз интеграциялык долбоорлорду жеңилдетилген насыялоо маселелерин иштеп чыгышыбыз керек. Азыр биз ЕАЭБдин өнүгүү институттары тарабынан биргелешкен долбоорлорду каржылоого пайыздык чендерди төмөндөтүү (субсидиялоо) инструменттери боюнча конкреттүү сунуштардын үстүнөн иштеп жатабыз. Биргелешкен евразиялык корпорацияларды жана компанияларды түзүү зарыл", - деп билдирди ал.

Ошол эле күнү, Михаил Мясникович жана Жогорку экономика мектебинин ректору Ярослав Кузьминов ЕЭК менен ЖЭМ ортосундагы кызматташтык программасына кол коюшту. Документ эки жылга иштелип чыккан жана анда ЖЭМ УИУда билим программаларын биргелешип жүзөгө ашыруу, студенттерди, аспиранттарды жана профессордук-окутуучулук курамды Евразиялык экономикалык интеграцияны илимий жактан камсыздоо процесстерине тартуу жана аны өнүктүрүүнүн мындан аркы векторлорун аныктоо, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды уюштуруу сыяктуу иш-чаралар камтылат.

Маалымат

Экономикалык жана социалдык өнүгүү боюнча Апрель эл аралык илимий конференциясы "Жогорку экономика мектеби" Улуттук изилдөө университетинин тарабынан жыл сайын өткөрүлүп турат. Бул аянтча жаш жана абройлуу окумуштуулардын, бийлик, бизнес жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн жолугушуусунун орду болуп саналат. Конференцияда коомдук өнүгүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, кеңири спектрдеги маселелер боюнча талкуулар өткөрүлөт. Быйылкы жылы иш-чара 13-апрелден 30-апрелге чейин өткөрүлөт.