Sign In
2019-жылдын 1-ноябрына чейин ЕАЭБ өлкөлөрү транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун бирдиктүү тутумуна өтүүгө тийиш

2019-жылдын 1-ноябрына чейин ЕАЭБ өлкөлөрү транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун бирдиктүү тутумуна өтүүгө тийиш

16.04.19
Бул жөнүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн профилдик мамлекеттик органдарынын жетекчилери ЕЭКте Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренконун төрагалыгы астында болуп өткөн кеңешмеде билдиришти.
«Тийиштүү тутумду Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун киргизүү боюнча макулдашуу менен каралгандай толук форматтуу колдонуу ЕАЭБдин бардык катышуучулары электрондук ТКПларды жол-жоболоштурууну жана аларды автомобилдерди өздөрүнүн улуттук сегменттеринде каттоодо колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылганда гана башталат», – деди ЕЭК министри. Азыркы учурда россиялык тарап электрондук ТКПларды колдонууга эң көп даярдыгын көрсөтүүдө жана дээрлик бардык жол-жоболорду аягына чыгарды. «Электрондук паспорт» АК тутумдарынын администратору ушул жылдын декабрь айына чейин тутумдардын россиялык сегменти айына 170 миң мындай автопаспортторду жол-жоболоштура алат деп маалымдады. 2019-жылдын ноябрынан тарта Россияда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле автомобиль өндүрүүчүлөрү жана алардын расмий өкүлдөрү жалаң гана электрондук ТКПларды жол-жоболоштурушат. Бирликтеги жаңы транспорт каражаттарынын рыногу жылына жалпысынан 2,3 миллиондон ашуун автомобилди түзөт. ЕАЭБ өлкөлөрүндө электрондук паспорттор унаа ээлери үчүн «зыянсыз» киргизилет деп баса белгиленген. Алар кагаз түрүндөгү ТКПларды аларды электрондук автопаспортко алмаштырууну өздөрү каалаганга чейин, эски документти жоготуп алганга чейин же унаасы утилизацияланганга чейин каалашынча колдоно алышат. Жаңы паспорттор сөзсүз электрондук түрдө берилет. Кеңешменин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик органдар Комиссиянын катышуусунда электрондук паспорттордун улуттук тутумдарынын киргизүүгө даярдыгына ай сайын мониторинг жүргүзүп туруу жөнүндө келишишти. Бул тараптардын электрондук ТКПларга өтүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыраак түшүнүү үчүн керек. Транспорт каражатынын электрондук паспортуна толугу менен өтүү транспорт каражаттарынын өз ара жылуусун жана жарандар үчүн аларды каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт, тутумдардын катышуучуларына техниканын жашоо циклин байкоого, ал эми мамлекеттик органдарга – ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө бирдиктүү форматтагы анык маалымат базаларын колдонууга мүмкүнчүлүк берет.