Sign In
ЕАЭБде коронавирустун таралышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар кабыл алынмакчы

ЕАЭБде коронавирустун таралышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар кабыл алынмакчы

16.03.20

ЕЭК Кеңеши коронавирустун таралышынынын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү үчүн айрым медициналык товарларга карата алымдарды нөлгө түшүрүүнү же төмөндөтүүнү чечти. Аталган чечим COVID-19 вирусунун таралышына байланыштуу биргелешкен чараларды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу жөнүндө армян жана кыргыз тараптардын сунуштарын кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынды.


ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович баса белгилеп өткөндөй, принципиалдуу чечим кабыл алынды. Жакынкы убакытта тараптардын эксперттери вирустук инфекциянын таралышынын алдын алуу жана аны болтурбоо үчүн зарыл болгон товарлардын конкреттүү тизмегин макулдашмакчы.

Мындан сырткары, Кеңештин мүчөлөрү ЕЭК Коллегиясына коронавирустун таралышынын шарттарында ЕАЭБ мейкиндигинде макроэкономикалык стабилдүүлүктү, товарлар менен өз ара сооданы жана жумушчу күчтүн эркин кыймылын камсыз кылуу максатында ыкчам чараларды кабыл алуу жана маалымат алмашуу үчүн жумушчу топту түзүүнү тапшырды.​