Sign In
Кагаз түрүндөгү транспорттук документтердеги бажылык белгилер жоюлушу мүмкүн

Кагаз түрүндөгү транспорттук документтердеги бажылык белгилер жоюлушу мүмкүн

16.03.20

Эгер бажылык операциялар электрондук түрдө аткарылса, Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишмердигинин катышуучуларынын кагаз түрүндөгү документтеринде бажы органдарынын кошумча белгилери талап кылынбайт. 16-мартта ЕЭК Кеңеши Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тийиштүү чечимин жактырды, ал ушул жылдын апрель айында Бирликтин өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнүн пикири боюнча, бул электрондук бажылык документтерди бир кыйла натыйжалуураак колдонууга, бажы кызматкерлеринин, эл аралык ташуучулардын жана ТЭИнин башка катышуучуларынын ресурстарын үнөмдөөгө жардам берет. Анткени, бажынын маалыматтык тутумдарына киргизилүүчү маалыматтарга кошумча кагаздарга да белгилерди коюп чыгуу, мисалы, бажылык операцияларды аткаруу убакытын олуттуу түрдө көбөйтөт, ал эми бул заманбап бажылык технологияларды киргизүүдөн натыйжаны төмөндөтөт.

Бул көйгөй деңиз жана темир жол транспорту үчүн абдан орчундуу. Бажы кызматкерлерине ар бир документке физикалык белгилерди коюп чыгуу менен, темир жол менен ташууларда бир нече ондогон транспорттук документтерди, ал эми деңиз менен ташууларда бир нече миңдеген документтерди бир эле мезгилде иштетүүгө туура келүүдө.

Евразия экономикалык комиссиясы бул жагдайды алдын ала комплекстүү талдап чыгып, бир катар тыянактарга келди. Биринчиден, Бирликте маалыматтык тутумдарды өнүктүрүүнүн жетишилген деңгээлин эске алуу менен, бажы органдары кагаз түрүндөгү транспорттук (ташуучулук) документтерди кошумча штамптоого муктаж эмес. Экинчиден, мындай белгилер, биринчи кезекте, өзүнүн ишмердигинде электрондук маалымат алмашууну жетишерлик активдүү колдонбогондуктан улам, ТЭИнин катышуучуларынын жана башка мамлекеттердин өздөрүнө керек – операциянын аткарылгандыгын тастыктоо катары.

Мындан сырткары, көп учурларда улуттук актылар, айрым ведомстволордун (бажы эмес) регламенттери бажы органдары операциялардын көпчүлүгүн эчак эле электрондук түрдө аткарып жаткандыгын эске албайт. Мындай актылар жана регламенттер, бажылык операциялардын электрондук түрдө аткарылган же аткарылбагандыгынан көз карандысыз, товарды коштоочу документтердин кагаз жүзүндөгү нускаларында белгилердин болушун караштырат. Товарлар менен иш-аракеттердин кийинки алгоритми ушундан көз каранды, мисалы, транспорт каражатынын жүк салынуучу бөлүгүнүн полиция органдары тарабынан ачылышы, товарларды жүктөөгө уруксаттарды берүү ж.б. Ушул себептерден улам ТЭИнин катышуучулары, анын ичинде ташуучулар, белги койдуруу үчүн бажы органдарына кайрылууга аргасыз.

Өкмөттөр аралык кеңеш оң чечим кабыл алган учурда, өткөөл мезгил белгиленмекчи. Бажылык белгилерди кагаз жүзүндө нускалоону 2021-жылдын 1-февралынан тарта жоюу пландаштырылууда.​