Sign In
ЕАЭБ КЭРде чыгарылган каңылтыр рессорлорго карата демпингге каршы алымды киргизет

ЕАЭБ КЭРде чыгарылган каңылтыр рессорлорго карата демпингге каршы алымды киргизет

16.02.21

16-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Кытай Эл Республикасында чыгарылган рессорлорго жана алар үчүн каңылтыр темирлерге карата демпингге каршы алым киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Чара беш жылдык мөөнөткө киргизилип, алымдын өлчөмү бажы наркынын 14,11% түзөт.

Каралып жаткан продукция жүк ташуучу автомобилдик унааларды, жүктөрдү-жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларды, автобустарды, троллейбустарды, тракторлорду, чиркегичтер жана жарым чиркегичтерди, карьердик, курулуш жана жол-курулуш техникасын өндүрүүдө жана оңдоодо колдонулат.

Тийиштүү иликтөөнү ЕЭКтин Ички рынокторду коргоо департаменти тарабынан "Чусов металлургиялык заводу" ААК берген арыздын негизинде жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө алынган маалыматтар КНРде жасалган рессорлордун демпингдик импорту бар экендиги, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин экономикалык тармагына келтирилген материалдык чыгымдар жөнүндө жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берет.

"Демпингге каршы чараларды колдонуу ички рынокту кытайлык компаниялардын нысапсыз атаандаштыгынын терс таасирлеринен коргоого мүмкүнчүлүк берет, Бирликте ушул сыяктуу товарлардын туруктуу өндүрүлүшүнө өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде, мүчө мамлекеттердин бюджеттерине салык төлөмдөрүнүн көбөйүшүн жана керектөөчүлөрдү рессорлор ​​менен туруктуу камсыздоону шарттайт", - деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнев.


Мындан тышкары, анын айтымында, ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттердин рынокторундагы баалардын абалына мониторинг жүргүзүлөт.


Аталган чечим ал расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи. ​