Sign In
ЕЭК зергерчилик өнөр жайы үчүн асыл таштарга импорттук алымдарды нөлгө түшүрдү

ЕЭК зергерчилик өнөр жайы үчүн асыл таштарга импорттук алымдарды нөлгө түшүрдү

16.02.21

16-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы асыл жана жарым-жартылай асыл таштардын айрым түрлөрү үчүн алып келүү бажы алымдарынын коюмдарын эки жылдык мөөнөткө нөлгө түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Тактап айтканда, кеп зергерчилик өнөр жайында колдонулган табигый же жасалма изумруд, сапфир, жакут, нефрит, александрит ж.б. айтылууда.

"Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө зер буюмдарды жасоо үчүн түстүү асыл жана жарым-жартылай асыл таштарды өндүрүү учурдагы сурамды канааттандырбайт. Буга байланыштуу, чийки затка бажы алымынын коюмдарынын төмөндөшү зергерчилик тармагындагы чыгымдарды азайтууга жана даяр зер буюмдардын ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет", - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнев.

ЕЭК Коллегиясы ошондой эле ЕАЭБ ТЭИ ТНде салмагы 0,3 караттан аз табигый алмаздарды өзүнчө он орундуу коддун деңгээлинде бөлүп көрсөттү. Бул товарлар менен тышкы сооданын бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларын андан ары өзгөртүү максатында, ЕАЭБдин аймагына аларды алып келүүнүн учетун жана талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

ЕЭК Коллегиясынын чечими Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 25-октябрындагы № 17 буйругу менен каралган, мүчө мамлекеттердин зергерчилик продукциясын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна илгерилетүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында кабыл алынды.

Документтин күчүнө кириши ЕАЭБ ТЭИ ТНге киргизилген өзгөртүүлөр эске алынган Комиссиянын Кеңешинин айрым чечимдери күчүнө кирген күн менен шайкеш келтирилген.​